super.kg logo

Норвегияда быйыл жол кырсыктарында балдардын өлүмү катталган эмес, кыргыз жеринде 11 айда 92 бала көз жумган

 

Норвегиянын Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча кеңеши 2015-жылы жол кырсыктарында жаш балдардын өлүмү катталбагандыгын билдирди. Мындай көрүнүш 1970-жылдан бери биринчи жолу болуп жатат. Жогоруда аталган кеңештин директору Ян Йохансон муну айдоочуларды даярдоо, коопсуздук системинин жана жолдордун жакшырышынан деп түшүндүрдү. Ошентсе да бул жылы жол кырсыктарынан жалпы 113 адам мерт болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ал эми өлкөбүздөгү жол кырсыктары боюнча статистикалык маалыматтарга таянсак, 2015-жылдын 11 айында эле 6656 факт катталган. Андан 976 адам көз жумса, 9847 жаран жаракат алган.

Жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарынын саны 1355 болгон. Анда 92 бала көз жумса, 1560 бала ар түрдүү жаракат алган. Маалыматты 15-декабрда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
15.12.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бизде праввны шакылдатып сатып жатса.. Жол кырсыктары каттала берет да.. Өзү окуп анан алганга гана уруксат берилсе жакшы болмок... Баары сатып алышат.. Анан жол эрежелерин кайдан билмек эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: