super.kg logo

Салык кызматкери 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкери 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу 16-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коррупциялык схемаларды аныктоо учурунда Салык кызматынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча этил спиртин өндүрүү жана айлантууну көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Ж.А. ишкерден 300 миң сом талап кылгандыгы аныкталган.

Жеке ишкер алкоголдук продукцияны өндүрүү үчүн этил спиртин сатып алууга уруксат алуу боюнча башкармалыкка кайрылган. Башкармалыктын жетекчиси уруксат кагазын берүү үчүн андан акча талап кылган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлүп, тергөө абагына камакка алынды. Факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “пара талап кылуу” беренелери менен кылмыш иши козголду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
16.12.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ар апта сайын бирден кармалып жатат, качан түгөйт булар
16.12.2015. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"300 000 сом" деп оозунду кииичине ачсан эле чыгып кетет. Бирок, бул акчаны табуу учун омурун тобекелге салып, адамдар ар кандай ишке барышат. Пара алгандар кармала берсин.
17.12.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул тутулду дейли анан эртен озуда пара берип кутулсачы хе хе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: