super.kg logo

Жумгалда жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган 37 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди (фото)

 

Нарын облусунун Жумгал районунда турак жайлары жер титирөөдөн жабыркаган 37 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, гуманитардык жардамдын ичинде 111 даана гигиена каражаттары, 37 даана брезент, 185 даана төшөк, 37 даана ашкана буюмдары, 185 даана кышкы ич кийим (эркектер үчүн), 3700 килограмм ун, 370 килограмм кумшекер, 185 литр май бар.

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары К.Асизов тарабынан гуманитардык жардам кабыл алынып, аны жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын комиссиясы жабыр тарткан 37 үй-бүлөгө таратты:

Жумгал айылында 1 үй-бүлөгө;

Куйручук айылында 10 үй-бүлөгө;

Миң-Куш, Кызыл-Сөөк, Ыраакы Миң-Куш айылдарында 11 үй-бүлөгө;

Таш-Дөбө айылында 3 үй-бүлөгө;

Кызыл-Жылдыз айылында 3 үй-бүлөгө;

Кабак айыл аймагынын Табылгыты, Сары-Булуң айылдарында 4 үй-бүлөгө;

Түгөл-Сай айылында 1 үй-бүлөгө;

Баш-Кууганды айылында 1 үй-бүлөгө;

Көк-Ой айылында 3 үй-бүлөгө.

Айта кетсек, 7-декабрда Нарын облусунун Жумгал районунда очогунда күчү 6,5 баллга, калктуу конуштарда 6 баллга жеткен жер титирөө катталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: