super.kg logo

Жергиликтүү тургундар Кадамжайдагы көмүр кенин иштетүүгө лицензия мыйзамсыз берилгенин айтып чыгышты

 

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагындагы көмүр кенин казууга лицензия мыйзамсыз берилген. Муну 16-декабрдагы маалымат жыйынында аталган райондун тургуну Саидкасым Эрмеков билдирди.

Анын айтымында, кен казылуучу 1200 гектар жерде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн эмес.

"Биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, Майдан айыл аймагында көмүрдү мыйзамсыз казып алуу болуп жатканын айткыбыз келет. Кенди казып алуу үчүн тендер жарыяланып, ал жерде болжол менен 1 миллион тонна көмүрдүн запасы бар деп айтылган. Союз учурунда ал жерде 86 миллион тонна кен бар экени айтылган. Тендерде "Беш-Арча" ишканасы уткан. Аймакта геологиялык чалгындоо жүргүзүлүшү керек эле. Андай иш-чаралар өткөрүлбөй, кенди казып алууга лицензия берилген. 20 күндөн кийин казуу иштери башталган. Биз бул боюнча Башкы прокуратурага кайрылганбыз. Ал жактан кайрылуу Баткен облустук прокуратурасына жиберилгенин айтышты. Каржы полициясы текшерди, бирок жыйынтык чыккан жок",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кенди да жеп жутарлар озуно откоруп албаса эле деп корком менда Кадамжайдан болом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: