super.kg logo

Мустафа Сатыбалдиев, Майдан айылынын тургуну: "Кендин мыйзамсыз казылып жатканын айтып чыкканым үчүн коркутуулар болууда"

 

Бүгүн, 16-декабрдагы маалымат жыйынында Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Майдан айыл аймагынын тургундары "Бел-Алма" кенин казуу иштери мыйзамсыз жүргүзүлүп жатканын айтып чыгышты.

Аталган райондун тургуну Мустафа Сатыбалиев кендин мыйзамсыз казылып жатканын видеого тартып, тийиштүү органдарга көрсөткөндөрдүн бири экенин айтып, учурда коркутуулар болуп жатканын билдирди.

"Кен казуу боюнча тендерди курулуш менен алектенген компания уткан. Эч кандай изилдөө жүргүзбөй туруп казууну башташты. Тендерге комиссия шарт боюнча 870 миң доллар деген чек койгон. Сынак учурунда ал 1 миллион 700 миң сомго жогорулап кеткен. Лицензия берилгенден 20 күн өтпөй казып башташты. Бул жерде коррупциялык схема бар. Ушул маселе боюнча президентке кайрылат элем. Президент өзү "мамлекеттин байлыгын уурдагандар кечирилбейт" деп айткан эле. "Бел-Алма" кенинде уурулук болууда. Ага эч ким көңүл бурбай жатат",- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.12.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дегеле ушул кендин казылуусуна Эл Каршы!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: