Депутаттар "Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 2 миллиард сому жоготууга учураганын айтышты
"Жер-Үй" кенин иштетүүдөн түшкөн каражаттын 2 миллиард сому жоготууга учурады",- деп билдирди депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 16-декабрда парламент жыйынында. Бокоев өкмөт түшкөн акчаны айыл өкмөттүн эсебинде кармап туруп албай, эффективдүү иштетиши керек экендигин белгиледи.
"Жер-Үй" кенин иштеткен компания 100 миң долларды май-июнь айларында эле которгон. Ал учурда доллардын курсу 56 сомдун тегерегинде болуп турган. Азыр 76 сомго чыгып, 1 доллардан 20 сом жоготуу болуп жатат. Жалпы эсеп менен 2 миллиард сом жоготуу болду. Каржы министри бул каражат менен пайда көрүүгө болбойт дегени менен, жоготуу болуп жатпайбы. Өкмөт ар бир тыйынды эффективдүү пайдаланышы керек. Бюджетти толтурууга пайда болмок да",- деди депутат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:29
2025-11-11
16:11
2025-11-10
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















