super.kg logo

Лейлектеги мектепте бастырманын кулашынан жабыркаган окуучунун атасы: “Балдардын сынган буттарына туура эмес операция жасалыптыр”

 

"Баткен облусунун Лейлек районундагы мектепте бастырма кулаган учурда жаракат алган окуучулардын сынган буттарына дарыгерлер туура эмес операция жасап, гипстеп салышкан",- деп бүгүн, 16-декабрда SUPER.KG порталына жабыркаган окуучулардын биринин атасы Рустамбек Эгембердиев билдирди.

Анын айтымында, буттары сынган 4 бала күндө ыйлап жаткандыктан, окуучулардын бирин ата-энеси Тажикстанга дарыланууга алып кетти.

Тажикстанда дарыланып жаткан баланын ата-энеси менен бүгүн байланыштым. Тажик дарыгерлеринин айтымдарында, баланын бутуна операция туура эмес жасалган. Мен да баламды ошол жактан дарылатсамбы дедим эле, бирок 15 миң сом керек экен. Менде азыр андай каражат жок. Ошондуктан учурда Лейлек ооруканасында дарыланып жаткан 3 баланы Бишкектен тажрыйбалуу дарыгерлер келип карап беришсе”,- деп үмүттөнүүдө Эгембердиев.

Мындан сырткары 15-декабрда окуучулар жаткан ооруканага Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен, райондогу Билим берүү башкармалыгынан жана район башчысы келип балдарды дарылоо бекер болорун айтышканына токтолуп: “Балдардын буттары ооруганынан ыйлап жатышат. Дарыгерге барып "Эмне кылыш керек, карап бергиле" десем, "дарыканага барып кетонал алып бергиле" дейт. "Дарылануу бекер болорун айтышкан" десем, "мен андайды уккан жокмун" деп акысыз дарылоодон баш тартышууда”,- деди.

Эскерте кетсек, 14-декабрда Баткен облусундагы Лейлек районунун Ак-Суу айылында "Эгемендүүлүк" орто мектебинин 2-классынын окуучуларынын үстүнө бастырма кулап, 9 бала ар кандай жаракаттарды алган. Алардын 4 окуучунун буту сынып, 1 баланын башы жарылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(13)
16.12.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Иии байкуштар(((((
16.12.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"15 000 сом жок" деп отура бергенге болбойт да... Убакытты өткөрбөй, жакшы дарылатыңыз, аракет кылыңыз... Менин кошунамдын буту сынып, туура эмес бүтүп калып, азыр аксап басат (көп болду ага). Кудай сактасын, бирок убагында жакшы дарылаш керек да...
16.12.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес гипстеп коюп, кыйшык бутуп калгандар коп менин досумдунда колун туура эмес гипстеп кыйшык болуп калган, кайра ошол ооруканага барса мазь суйкоп кой дейт уялбай ошо менен ордуна келеби, акмакчылык.Ошол Лейлек районун борбору Исфана шаарындагы оорукананын доктурлары дагы деле иштейт.
16.12.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тезинен чара коргуло да жогору жактагыларга кайрылып бутуп калса кайрадан сындырышат.
16.12.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сат малынды, 15000 сом экенго 15 мин доллар эмес, тапса боло турган эле акча,
16.12.2015. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sagyn01,малы жоктур мумкун.
16.12.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гипсте любой сынык кыйшык бутот
16.12.2015. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
15мин сом эмес 15 сом таппагандар бар.Аттин менин акчам болгондо мурункудай бермекмин жон эле.Азыр иштебеймин озум кыйналып журомда болбосочу
16.12.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында 15минди да табуу кыйын. Бирок мал ар бир семьяда бар да. Айыл жеринде мал,жер менен жан багышат го. Баласынын ден соолугу учун эрте кунду кеч кылбай карыздап болсо да чогултпайбы
17.12.2015. 02:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда акыркы жылдары ак халатчандар Гиппократтын антын кантип бергендерин унутуп калышкандай! Жакында эле Кара Кол шаарында жашаган эжемдин баласынын колун тоок тееп чукуп кеткен экен тырмагы мн ошол жери ириндеп кетип врачка барса Акаев деген врач инимдин колун гипстеп коюптур! Колу сынбаган деп эжемдин айтканын кулак сыртынан кетирип койгон.Бир жумадан кийин мен конокко барып калып коруп тан калдым бала ысытма чыгып кыйналып аткан экен.Колундагы гипсти чечип алып салдык.
17.12.2015. 02:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртеси куну больницага алып барып направление алыныз Бишкекке десем барган экен врач озубуз эле карайбыз деп больницага жаткырышты! Ал жаткырганы кара жерге кирсин дагы карашапай акыры болбой Бишкекке кетишти. Ал жактан анан дарыланып чыгышты! Ирин канына отуп эми жыл сайын анализ тапшырып жыл сайын дарылана турган болуп,оор нерсе которбой турган болуп калды омур бою! Апасына жардам берген бала эми бир чайнекти да которо албай калган чагы! Бул дагы ошол врачтардын шалаакылыгынын белгиси!
17.12.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул элдерге тан каласын. Он беш мин сом жок деп баланын ден соолугуна кайдыгер карашат. Убакыт отсо бутунун соогу катып калса бала аксак болуп калаарын ойлонушпайбы. Батырак аракет кылып баланынызды каратып алыныз. Тууган туушкан деле бардыр.
17.12.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиевтин мезгилинде мектептер салына баштаган 230 мектеп салынды эн жакшы иш болду Ушул лейлеке сала баштаганда кууп салдык. Жаль Бакиевтей президент кайра келбейт окуном. Алла сага шыпаасын берсин батырак сакайып кет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: