super.kg logo

Бишкек. "Атасынын мастыгынан улам жоголгон" делген 4 жашар бала табылды

 

"Бишкекте атасынын мастыгынан улам жоголгон" делген 4 жашар Актан Мраморное айылындагы туугандарыныкынан табылды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, атасы баласын "Аламүдүн" базарынын аймагында жоготуп алып, бул боюнча туугандарына айткан. Мындан кийин анын туугандары аталган базарга келишип, издөөнү башташкан. Ал эми баланын атасына чалса, анын телефону өчүк болгон. Ошондо алар милицияга кайрылышкан.

Милиция издөө иштеринин жүрүшүндө төмөнкү маалыматтарды аныктады: "Атасы уулун жоготкондон кийин аны тез эле таап, Пригородное, андан соң Мраморное айылындагы туугандарына кеткен. Ал эми аны издеп жүргөн туугандарына эч нерсе айтпай койгон".

Эскерте кетсек, кечээ, 15-декабрда Актан аттуу 2011-жылы туулган бала 1986-жылкы Дайырбек аттуу атасы менен Учкун кичи районундагы үйүнөн саат 17:00 чамасында чыгып кеткен боюнча дайынсыз болгон. "Наристе "Аламүдүн" базарынан жоголгон. Анын мас абалдагы атасы Дайырбек бир тууган агасына телефон чалып, Актанды базардан жоготконун айткан. Агасы аталган базарга барганда Дайырбектин телефону өчүк болуп, аны менен байланышка чыга албай калган",- дешкен милициядан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
16.12.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ кудай жакшы болбодубу табылып.
16.12.2015. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Табылганы ото жакшы болуптур, эми атасына ынсап берип ичпесин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: