super.kg logo
  Саясат  

Өкмөткө 2015-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси боюнча айтылган пикирлер менен сунуштарды эске алуу тапшырмасы берилди

 

Жогорку Кеңеште өкмөт тарабынан сунушталган "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору каралды.

Доллардын курсу кескин көтөрүлүп кеткенинен улам бюджеттин киреше бөлүгү болжол менен 200 миллион сомго азайганы белгилүү болду. Ошондой эле салыктык кирешенин көлөмү да мурда такталган көрсөткүчкө салыштырмалуу 5 миллиард 154 миллион сомго азайды. Ал эми бюджет тартыштыгын жабуунун ички жана тышкы булактары негизинен аныкталды.

Талкуу учурунда бюджетти өнүктүрүү багытында көбүрөөк каражат кароо, бюджет тартыштыгын кыскартуу, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, мамлекеттик органдардын чыгымдарын кыскартуу, каржынын жумшалуу жүрүмүнө көзөмөлдү күчөтүү, курулушу башталып калган социалдык объектилерди аягына чыгаруу, тышкы карыздарды алууну азайтуу сындуу бир катар алгылыктуу сунуштар айтылды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ошону менен бирге өкмөткө талкуу жүрүшүндө айтылган пикирлер менен сунуштарды эске алуу тапшырмасы берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: