super.kg logo
  Спорт  

Каратэ боюнча Астанада өткөн мелдеште кыргыз спортчулары 7 медаль тагынышты

 

12-13-декабрь аралыгында Астана шаарында каратэ боюнча Казакстандын 19-Ачык биринчилиги болуп өттү. Шинкиокушинкай түрү боюнча өткөн мелдешке балдар, жаштар жана өспүрүмдөр катышты. Анда 5 жаштан 24 жашка чейинки курактагы спортчулар түрдүү салмак жана жаш категорияларында жеңүүчүлөрдү аныкташты.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, кыргыз желеги астында анда 8 спортчу күч сынады. Жыйынтыгында алар 7 медаль тагынышты (2 алтын, 2 күмүш жана 3 коло).

10-11 жаштагы спортчулар арасында 35 килограмм салмакта эки кыргыз спортчусу финалга чыкты. Жыйынтыгында Нурсултан Шамансуров атаандашы Дуруспек уулу Даниэлди утуп, алтын медалды багындырды. 14-15 жаш курагындагы спортчулар арасында 45 килограмм салмакта Роман Банько алтын багындырды.

16-17 жаштагы спортчулар арасында 60 килограмм салмакта Эльнур Гайнутдинов күмүш медаль тагынды.

8-9 жаштагы спортчулар арасында Дима Бервинов, 12-13 жаштагылар арасында Канатбек уулу Чыңгыз, 18-24 жаштагы спортчулар арасында Айдын Махмудов коло медаль тагынышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
16.12.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргыз спортчуларына кичине эле колдоо болсо калганын оздору алып кетишет.
16.12.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алга кыргыз элим !
Кубанычтуу кабар. Медал ээлерин куттуктайм, тренерлерине жана колдоо көрсөткөндөргө терең ыраазычлык !!!
16.12.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эч кандай мамлекет тарабынан колдоосуз,кыргыз элин дуйного таанытып келе жаткан ушул спортчулар анан бийчилер ырчылар. Биздин окмот колдоп койуунун ордуна утуп келген упайын болушууго салык толоого айласыз кылышат.
17.12.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар кыргыз Элин дагы дагы дуйно жузуно тааныткыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: