super.kg logo

Жалал-Абад. Жылуулук менен камсыздоо ишканасында иштеген жаран шериги менен 5 тоннага жакын мазутту сатып жаткан жеринен кармалды

 

Жалал-Абадда Жылуулук менен камсыздоо ишканасында слесарь-оңдоочу болуп эмгектенген К.К. (Ноокен районуна караштуу Сакалды айылында туулган) Р.М. аттуу шериги менен (Жалал-Абад шаарынын тургуну) 4820 килограмм мазутту сатып жаткан жеринен кармалды. Окуя 8-декабрда саат 23:00дө катталган. Алар Сузак районуна караштуу Лавдан-Кара айылында “Жалал-Абад АБЗ” ачык акционердик коомуна тиешелүү мазутту сатып жатышкан.

Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, окуя болгон жерден К.К. аттуу жаранга тиешелүү КамАЗ 35410 үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу автоунаа байкалган. Натыйжада алар Жалал-Абад райондор аралык жылуулукту камсыздоо ишканасына 83 868 сом материалдык зыян келтиришкен.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
17.12.2015. 08:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуштар, планды жакшы түзбөй калган окшойт. Эми көпкө камайт, карапайым эл да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: