Ысык-Көл облусунда 21 аял жана 2 өспүрүм мунапыс аркылуу абактан бошотулду
Ысык-Көл облусунда 21 аял жана 2 өспүрүм мунапыс аркылуу абактан бошотулду. Бул тууралуу ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 10 аялдын жана 1 өспүрүмдүн жаза мөөнөтү кыскартылды. "2015-жылдын 1-декабрына карата ЖАМКтын каттоосунда 505 адам турат: 456 эркек, 43 аял жана 6 өспүрүм. 11 айдын ичинде каттоого 422 адам алынган, 468 каттоодон чыгарылган",- деп билдирет мекеме.
"2008-жылдан тарта 119 адам издөөдө жүргөн, алардын 55и кармалган. Каттоодо турган 296 адамга социалдык жардам көрсөтүлүп, 18 адам кесиптик билим алган, 173 адам жумушка орноштурулган",- деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:23
2025-11-07
21:24
2025-11-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















