super.kg logo
  Саясат  

Президент "Манас" эпосун орус тилине которуп, аны дүйнөгө кеңири жайылтууда Мар Байжиевдин салымы зор экенин айтты

 

Президент Алмазбек Атамбаев көрүнүктүү жазуучу, драматург, кино жана театр режиссёру Мар Байжиевди 80 жылдык мааракеси менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы 16-декабрда билдирди.

Мамлекет башчы М.Байжиевди калк көркөм сөз чебери, кыргыз адабиятында өзүнүн татыктуу орду бар белдүү жазуучу, драматург, кино жана театр режиссёру, публицист жана котормочу катары жакшы билерин белгилеп: "Сиз улуттук маданияттын, адабияттын, кинематографиянын, театрдын жана журналистиканын өнүгүшүнө олуттуу салым коштуңуз. Кыргыз киносунун башатында тургандардын бири катары анын калыптанышына көмөктөштүңүз. Сиздин сценарийлериңиздин негизинде тартылган тасмалар көптөгөн эл аралык сыйлыктарга татыды. Көптөгөн пьесаларыңыз КМШ өлкөлөрүнүн 200дөн ашуун театрларында, чет мамлекеттерде коюлуп, көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Айрыкча “Эрөөл” драмалуу новеллаңыз күнү бүгүнкүгө чейин сахналардан түшпөй, анын негизинде опера, балет спектаклдери, көркөм фильмдер тартылды",- деди.

Мар Байжиев эки тилде бирдей жазып, көптөгөн чыгармалары чет тилдеринде жарык көргөн. "Манас" эпосун орус тилине которуп, элибиздин сыймыгы болгон чыгарманы изилдөө жана дүйнөгө кеңири жайылтуу ишинде дагы сиздин бараандуу салымыңыз бар. Манас жана Данакер ордендери, "Кыргыз Эл жазуучусу" деген жогорку наам – сиздин талыкпаган эмгегиңиздин үзүрү, мамлекет тарабынан жогору баалангандыгы.
Бүгүн сиз өмүрүңүздөгү 80 жылдык бийик ашууну ийгиликтүү багындырып турасыз. Талыкпай, ташыркабай кыргыз адабиятынын, улуттук маданияттын тарыхында калгыдай зор эмгек өтөдүңүз. Мазмундуу өмүр сүрүп, ташкындаган талантыңызды, көп кырдуу чыгармачылыгыңызды элиңизге арнап, Ата Мекенге жакшы кызмат кылдыңыз. Сизди ата жолун татыктуу уланткан намыстуу инсан десек жарашат",
- деген өлкө башчы драматургга чың ден соолук, узун өмүр, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалап өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: