Депутаттар өкмөттүн 2016-жылга карата экономикалык көрсөткүч боюнча баяндамасына канааттанбаганын айтышты
Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча каржы министринин маалыматы угулгандан кийин депутаттар 2016-жылы экономикалык абал кандай болоруна кызыгышты. Бул боюнча экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев баяндама жасады. Эл өкүлдөрү баяндамада курулай эле сандар айтылганын белгилешти. Депутат Алтынбек Сулайманов: "Баяндамада айтылгандар 2016-жылы аткарылбай калса, ким жооп берет? Бул жерде баяндаманы өкмөт башчы өзү жасашы керек",- деген пикирин айтты. Төрага Асылбек Жээнбеков да өкмөттүн баяндамасы чийки экенин белгиледи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
0

