super.kg logo

Бурятияда 31 жаштагы адам спайс чегип алып аялын токмоктоп, 3 айлык кызын өлтүрүп салды

 

Орусиянын Бурятия Республикасында 31 жаштагы адам спайс чегип алып аялын токмоктоп, 3 айлык кызын өлтүрүп салды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, Улан-Удэ шаарында эркек киши аялын катуу сабап, андан соң керебетте жаткан кызын көтөрүп дубалга уруп, сынган айнек менен сайгылап салган. "Кырсык болгон жерге барган полиция кызматкерлери эркек кишинин өзүнүн иш-аракеттерине жооп бере албаган абалда экенин көрүшкөн. Алган жаракаттарынан ымыркай жан берген, ал эми катуу жаракат алган 21 жаштагы келинди "Тез жардам" кызматы ооруканага алып кеткен",- деп жазышат басылмалар.

Орусиялык полициянын билдирүүсү боюнча, кылмышка барган кишинин унаасынан спайс табылган. Ошондой эле бул үй-бүлө ички иштер органдарында каттоодо турбаганы аныкталды.

Орус басылмалары билдиргендей, спайска байланыштуу окуя буга чейин Подольск шаарында орун алган. "Адам 4 жашар баласын жана 9 айлык наристесин өлтүрүп, аялын бычак менен жарадар кылган. Анда аял кошуналарын жардамга чакырганга жетишип, аман калган",- дешет массалык маалымат каражаттары.

Айта кетсек, кыргыз жергесинде спайска тыюу салуу боюнча токтомго премьер-министр Темир Сариев 2015-жылдын 4-декабрында кол койгон. Бул документ кол коюлгандан кийин 10 күн өткөн соң күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(8)
17.12.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кудай сакта биздин кыргызстанга келбей эле койсун, ансыз деле жетишип атат башка банги заттар!
17.12.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура кылыптыр, болбосо биздин кыргыздардын дагы чегип жургонун коп уккам Россияда.
17.12.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эки кун мурда Сургут шаарында бир адреске диван доставка кылып барсак ошол домдо уч орус чегип алышыптыр, биз диван ташып жатсак бироосу карап алып эле каткырат озун кармай албай, берки экоо коркуп бурчка тыгылып калышыптыр коркуп, негизи спайс биринчи сургуттан чыгып 8 адам олсо керек эле, бирок точносун билбейм
17.12.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Шумдугун кургур эмнелер гана болуп атат.Тообо деп жаканды кармаган убака келип калдык.Аты жаман алыстан эле кетсин ансыз деле Кр да бул жагы жетиштуу болуп атат.
17.12.2015. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Интернетте спайс видеолор жайнап журот коруп алып тобоо кыласын. Бир бала чегип алып озунун эки козун оюп салыптыр орусияда. Бишкекте бир кыз чегип алып турган жеринде катып копко чейин турган видео журот. 2 кыргыз бала РФда чегип алып бирин бири муунтупатат. Бир озубек кудайлап кыйкырып жерде жатат. Эн жаман корунуш, ини, карындаштар учун тынчсызданат экенсин. Кээ бироолор кыйнап чектирип коет тура.
18.12.2015. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Спайс эмне?
18.12.2015. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спайс деген махорканын озу аны сигаретке азмаз аралаштырып чегет составында химия бар чекен адам 1 минутка жетпей озун жоготот.москвада кооп андай азыр бишкекте сатылып жатат
19.12.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайым сакта!Кыргызстанда спайс чекпей эле ата-энесин,балдарын,аялын,куйоосун олтуруп,сабап жатышат,Кудайдан коркпой.Ушундай киши олтургондорго омур бою еркинен ажыратпай еле же турмого камабай еле сразу элдин алдына алып чыгып атууга уруксат деген мыйзам чыгарса.Ушундай нерселер азаят беле?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: