super.kg logo

Коррупция жана коомдук коопсуздуктун сакталбаганынан улам 10 жыл аралыгында чет өлкөдөн келген студенттердин саны дээрлик үч эсеге азайган

 

Бишкекте бүгүн, 17-декабрда миграция тармагын кеңейтүү боюнча долбоор каралып жатат. Иш-чара Эл аралык мигрант күнүнө карата уюштурулду. Анда кыргыз жериндеги ички жана сырткы миграция боюнча статистикалык маалыматтар талкууланууда.

Эксперт Гүлнара Ибраеванын айтымында, билим алуу үчүн кыргыз жерине келгендердин саны 10 жыл аралыгында кескин азайган. Буга билим берүү тармагындагы коррупция жана коопсуздук маселесинин чечилбеши себеп болууда.

“2005-2006-окуу жылдарында КМШ өлкөлөрүнөн кыргыз жерине билим алууга келген студенттердин саны 25 280 болсо, 2014-2015-жылы көрсөткүч 8466ны түзгөн. Мурун Өзбекстандан келген студенттердин саны көп болгон. 2010-жылдагы окуялардан улам жана Оштогу Кыргыз-Өзбек университетинин жабылышынан ал жактан келгендердин саны азайган. Мындан сырткары саясий туруксуздук учурунда Түркмөнстандан келе турган студенттер Болгариядагы университетке окууга тапшырышкан. Бул учурда Бишкектеги эл аралык университеттер менен Казакстандагы университеттердин ортосундагы аттаандаштык да чет өлкөлүк студенттердин Казакстанга окууга барышына түрткү болгон”,- деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: