super.kg logo
  Саясат  

Акыйкатчы кызматына талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 35ке жетти

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызмат ордуна документ тапшырган талапкерлердин саны 35ке жетти. Буга чейин 29 талапкерден документ келип түшкөнү маалымдалган эле. Ошол эле учурда айрым талапкерлер Жогорку Кеңештин фракцияларынын катчылыктарына да документ тапшырышкан.

«Республика-Ата Журт» фракциясына документ тапшыргандар:

Сартаев Анвар Айдарович
Токтосунова Дамира Маданбековна
Үмөталиева Токтайым Жумаковна

КСДП фракциясына документ тапшыргандар:

Сатымбаев Абдибек
Мусабаев Алмазбек Шакирович

«Бир бол» фракциясына документ тапшыргандар:

Шаршебаев Чынгышбек Өмүрзакович

Акыйкатчы кызматына талапкерлердин арасында Камчыбек Осмонов, Мамат Момунов, Мавлян Аскарбеков, Калича Умуралиева, Чолпонкул Арабаев, Табылды Акеров, Аалы кызы Назира, Нурдин Мотуев бар.

Эске салсак, 10-декабрда Жогорку Кеңеште акыйкатчы шайланбай калган. Анда фракциялар тарабынан сунушталган бир дагы талапкер жетиштүү добуш топтой алган эмес. Ошондон улам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2015-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы кызматына талапкерлерден документтерди кабыл алуунун жол-жоболору башталганын жарыялаган.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: