super.kg logo

Террорист деп өлтүрүлгөн Туратбек Усубалиевдин атасы: "Кылмышкерлердин баарын үйүп алыптырсыңар" деп баламдын сөөгүн көрсөтпөй жатышат"

 

"Баламдын сөөгүн көрсөтпөй жатышат",- деп кайрылды террорист деп атылып өлтүрүлгөн Туратбек Усубалиевдин атасы Иманкул Итибаев SUPER.KG'ге бүгүн, 18-декабрда. Итибаев 9 жаштагы Барсбек деген небересинин кайда экени да белгисиз болуп жатканын айтууда.

"Баламдын сөөгүн көрөлү деп өлүк сактоочу жайга барсам, "кылмышкерлердин баарын үйүп алыптырсыңар" деп сөөгүн көрсөтпөй коюшту. Анысына деле мейли, неберемдин кайда экенин айтпай жатышат. УКМК, ИИМге, Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгына жана Бишкектеги райондук ички иштер бөлүмдөрүнө барып сурадым. Баары эле "небереңиз бизде эмес, аксакал, башка жактан сураңыз" деп чыгарып салып жатышат. Бишкектеги балдар үйлөрүн кыдырып чыктым, ал жерлерде да жок. Келинимди да камап салышкан эле. Анын да кайда экенин айтпай коюшту. Мүмкүн, ошонун жанындадыр. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан, баланы бизге беришпейт экен",- деди Итибаев.

Эскерте кетсек, 10-декабрдан 11-декабрга караган түнү Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунда террордук уюмдун 2 мүчөсү жок кылынган. Анын бири 16-июлда террорист деп Бишкекте атылып өлтүрүлгөн 37 жаштагы Канатбек Усубалиев аттуу жарандын бир тууган иниси, 1981-жылы туулган Туратбек Усубалиев болуп чыккан. Атасынын айтымында, Туратбек агасын атып өлтүргөндөрдөн өч алмакчы болуп жүргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
18.12.2015. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Небересин да атып салышкан болсо эле.
18.12.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aikol87, Кудай сактасын
18.12.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жеке озумдун оюм. Балдарды жашынан жакшы тарбиялаш керек болчу.
18.12.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
жаман жинге тийишти ушулар кармаса эон эле кармаган жок да эмне ле кечке чыгып жатат тескерисинче уялыш керек го баласы кылмыщ кылса.
18.12.2015. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уялганда буга небересин бирөө таап бермек беле?
18.12.2015. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
bazarkyl,баласын тыйыш керек болчу небересин жакшы корсо.
18.12.2015. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
amanatym,балаң мечитке барам, куран,намаз окуп үйрөнөм десе жибербейсинби? Азыр жибербешиң мүмкүн, мурун мындай жок болчу да намаз окуйт десе баары ооо ыймандуу деген.
18.12.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кылмышкер тем более террорист деп табылган болсо анда мыйам бча соогу корсотулбойт юерилбейт жана комулгон жери корсотулбойт ата-эне жакын туугандарына. мыйзамда ушундай
18.12.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Журтташтар! Биз бул жерде билип-билбей,чын-тогунун иликтебей туруп талкуу кылган туура эмес. Бул нерсенин анык чындыгын бир Кудай гана билбесе,биз-пенде ар нерсени жоромолдоп айта беребиз. Ким билет,мумкун кылмышкер же куноосуз биздин катардагы пендедир? Бийликтин кучтуулугунон эмес,ушундай "курундай"жалаа жапканынан коркуу керек го. Эртен ушуларыбыздын арабыздан "эл душманы","террорист" дедиртип кармап,элге жарыяласа эл ишене берет да,биздин ак экенибизге карабай. Айтуу кыйын.
18.12.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
EdikoKG,Эн туура айтасын,биз да ошолордун ордунда болуп калышыбыз мумкун
18.12.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Турмодон качкандардын бироосунун фамилиямды да Итибаев беле, значит булар тамырлашып кеткенго
18.12.2015. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emil0279, ооба Алтынбек Итмбаев деген бар болчу
18.12.2015. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баардык эле ата энелер балдарын жакшы
акыл ээстуу болсун деп ниет кылышат да
аны озунор деле билесинер.Бирок бир
уйдон бир сасыткы чыгып да калат.
Эми ата энесин жерге чаба бербей жок
дегенде небересин тапканга жардам
беишип койсо жакшы болмок.
24.12.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул нерсени кулак укса да коз корбосун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: