super.kg logo

Жумакадыр Акенеев: "Бензиндин баасы дагы 0,5-1 сомго арзандады, бирок бул күтүлүп жаткан көрүнүш болчу"

 

“Бензиндин баасы дагы 0,5-1 сомго арзандады, бирок бул күтүлүп жаткан көрүнүш болчу”,- дейт КРнын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын мурунку президенти Жумакадыр Акенеев. Ал SUPER.KG порталына 18-декабрда билдиргендей, күйүүчү-майлоочу каражаттарга баа 2015-жылдын башында эле арзандаш керек эле.

Биз бензинди 100 пайыз Орусиядан алгандыктан, алар бааны түшүргүлөрү келбей, кымбат сатып жатышкан. Ал ортодо дүйнө жүзү боюнча күйүүчү-майлоочу каражаттардын наркы эбак түшкөн. Учурда Орусия базар экономикасынын талаптарына ылайык, арзандатууга аргасыз болду. Мындан тышкары Казакстандан аткезчилик жолу менен бензин кыргыз жергесине акырындык менен кирүүдө. Мунун баары анын арзандашына алып келүүдө”,- дейт Акенеев.

Ал кошумчалагандай, Кыргыз Республикасы Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болгон соң Казакстан январь айында 6 жылдан бери биздин өлкөгө күйүүчү-майлоочу каражаттарга салган тыюусун алат. “Ошондо 2016-жылдын январь айынан тарта бензиндин баасы мындан да арзандашы мүмкүн, анткени кыргыз нефтетрейдерлерине эки өлкөнүн бензинин тандап сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Казак бензини орус бензининен 10-15 пайызга арзан”,- деди Акенеев.

Учурда “Газпром” май куюучу жайында АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 40 сом 50 тыйындан 1 сомго арзандап, 39 сом 50 тыйынды түзүп калды. Ал эми АИ-80 34 сом 50 тыйындан 50 тыйынга арзандап, 34 сомдон сатылууда, АИ-95 43 сом 50 тыйындан 43 сомго түштү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
18.12.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы жанылык, дагы ылдыйласа сонун болот
18.12.2015. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындан дагы арзан болуш керек болчу. Себеби Нефтинин дуйнолук баррелинин баасы 120 доллардан 39долларга тушту,3 эсе арзандаган. Жок дегенде 2 эсе менен эсептегенде 15-20 сомун тегерегинде болмок.
aash түзөттү 2015-12-18 17:51:38
18.12.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
30 сомго тушсо жыргамакпыз гоооо чиркин
18.12.2015. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кана эми арзандап калса казакстанда ушул тапта 23сом экенго
18.12.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аи80 казакстанда 21сом ушул тапта.
19.12.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жанылык экен,ушундай жанылыктардан коп коп жазгыла
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: