super.kg logo

Прокуратура: "Ошто милиционерлер кылмышка шектүү адамды токмоктоп, анын тууганынан 5 миң доллар талап кылышты"

 

Ош шаарынын прокуратурасы шаардык милициянын Сулайман-Тоо бөлүмүнүн кызматкерлерине карата кылмыш ишин ачты. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 2-декабрында саат 08:00 чамасында аталган бөлүмдүн кызматкерлери Оштун И.М. аттуу тургунун кылмышка шектүү катары милиция бөлүмүнө алып келип, ур-токмокко алышкан. "Ошол эле күнү саат 13:00 чамасында кылмышка шектүү жашаган үйдө эч кандай уруксат берүүчү документсиз тинтүү жүргүзүштү. Мындан кийин алар жабырлануучунун тууганынан 5 миң доллар талап кылышкан, бирок максатына жетпегендиктен, саат 18:00дө кылмышка шектүүнү коё беришкен",- деп жазылат маалыматта.

Ош шаарынын прокуратурасы айыпталган милиция кызматкерлерине карата "эркинен мыйзамсыз ажыратуу", "кызматтык ыйгарым укугунан аша чабуу", "пара талап кылуу" жана "турак жайдын кол тийбестигин бузуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
18.12.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Менин милициям мени уруп токмоктойт дейт окшойбуз.
18.12.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мындай окуя толтура. Просто копчулук адамдар мейли эми деп тим коёт.
18.12.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушинтип иштеш керек . Карга карганын козун чукулабайт дебей, а негизи мындайлар ото коп катталат бирок чара корулбойт . Кыскасы соттордун , милициялардын баркы кеткен давно эле! Бироосуно чара корот калгандарына корбойт 100/1.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: