super.kg logo
  Спорт  

Футбол федерациясынын сыйлыктары-2015: Антон Землянухин "Мыкты футболчу", Александр Крестинин "Мыкты машыктыруучу" болуп табылды

 

Бүгүн, 18-декабрда Бишкекте КРнын Футбол федерациясы 2015-жылы футбол жаатында мыкты болгондорду аныктоого багытталган иш-чара уюштурду. Анда бир катар наамдар боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, алар тиешелүү сыйлыктарын алышты. Анда "Мыкты футболчу" наамы Антон Землянухинге, "Мыкты машыктыруучу" наамы машыктыруучу Александр Крестининге ыйгарылды (экөө тең улуттук кураманын өкүлдөрү).

Бул күнү алгач ардагерлер лигасында ойногон футболчулардын ичинен мыктысы аныкталды. Сыйлык үчүн күрөш Руслан Сыдыков ("Ала-Тоо"), Рафик Амиров ("Алга") жана Закирбек Пусурманов ("Абдыш-Ата") сыяктуу футболчулар арасында өткөн.

*

Жыйынтыгында Закирбек Пусурмановго сыйлык буюруп, сахнага чакырылды.

*

Кыз-келиндер арасында жеңиш үчүн жарышка төмөнкү футболчулар түшкөн:

*

Жыйынтыгында Айжан Боронбекова жеңишке жетишип, сыйлыгын алды. Өз сөзүндө ал кыргыз футболуна ийгиликтерди каалап, федерацияга ыраазычылык билдирди.

*

"Мыкты машыктыруучу" наамына талапкерлердин үчтүгүнө өспүрүмдөр курамасынын машыктыруучусу Самат Сүймалиев, "Алай" футболдук клубунун машыктыруучусу Андрей Власичев жана улуттук кураманын машыктыруучусу Александр Крестинин кирген. Сыйлык А.Крестининге тапшырылды.

*

Беделдүү деп эсептелген "Мыкты футболчу" наамына коргоочу Азамат Байматовдун, дарбазачы Павел Матяштын жана жарым коргоочу Антон Землянухиндин талапкерлиги көрсөтүлгөн. Жыйынтыгында сыйлык Антон Землянухинге ыйгарылды.

Футзал боюнча алдынкы үчтүк

*

Жыйынтыгында Кирилл Ермолов жеңүүчү аталып, сыйлык анын апасына тапшырылды (өзү Орусияда машыгуу сборунда жүрөт).

*

"Мыкты калыс" наамы боюнча Тимур Файзулин сыйлык ээси болуп табылды. Өзү чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу сыйлык алууга келе алган эмес.

*

"Мыкты бомбардир" наамы. Наам Оштун "Алай" футболдук клубунун чабуулчусу, быйыл өлкө чемпиондугунда 17 голу менен башкы бомбардир аталган Алиа Силлага ыйгарылды. Ал өзү Бишкекке келе албагандыктан, сыйлык клубдун өкүлдөрүнө тапшырылды.

*

Буга катар өлкө чемпиону "Алай" клубунун өкүлдөрүнө кубок тапшырылды.

* Анан да Кыргыз Республикасынын кубогун уткан "Абдыш-Ата" клубу кубокту расмий түрдө алды.

*

Ошондой эле Футбол федерациясы жыл ичинде иштешкен өнөктөштөрүнүн ичинен да мыктысын аныктап, сыйлык тапшырды.

*






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
18.12.2015. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Улуту орус болгонуна карабай кыргыз футболун онуктурууго чон салымын кошуп жатышат.Азаматтар! Сыйлыгынар кут болсун!
18.12.2015. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
баардыгы татыктууларга берилиптир, кут болсун сыйыгынар. эртеден бери кутом ушул кабарды. рахмат силерге супер.kg
18.12.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сыйлыктар кут болсун.баары татыктуу тандалыптыр.азаматсынар.
18.12.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
антон землянухин азамат
19.12.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыргыз фудболу еми озуно келе баштады
19.12.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Антон Землянухиндин Кыргызча аты(Азамат Жербасаров)
21.12.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Крестинин алганы эн туура. ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: