Бишкек шаарындагы "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды (фоторепортаж)
















Бүгүн, 19-декабрда саат 18:00дө Бишкек шаарынын "Ала-Тоо" аянтында өлкөнүн башкы жаңы жылдык балатысы жандырылды. Эми кооздолгон балаты Жаңы жылга чейин жана андан кийин да шаардын борбордук аянтына көрк берип турмакчы.
Иш-чара алкагында мэр Кубанычбек Кулматов сөз алып, шаардыктарды жана шаар конокторун келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. "Биз бүгүн балатыны жандырууга чогулдук. Жандыруу аземи биздин жакшы салтыбыз болуп келет. Ушул күн сиздерге бактылуулукту, жыл жаңырган соң жакшылыктар көп болот деген ишенимди тартууласын. Келе жаткан жаңы жылыңыздар менен!"- деди мэр.
Иш-чара чакан концерттик программа менен коштолууда.
Бишкекте өлкөнүн башкы балатысы жандырылды (19.12.2015)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:35
2025-06-24

Рейтинг:
2

Көпчүлүк депутаттар бизнесмендер. Билимдүүсү аз, аларды сүйлөтбөйт.
Жаңы жыл тосуунун тарыхын бир кызыкчылыкка окуп койсоңор, биздин майрам эмес. Христиандардын да майрамы эмес.
Ал эми бул Жакшы мэрибиз озуно окшогон блю узун анан семизирек болуптур.