"Turkvizyon" Эл аралык сынагында өлкөбүздүн намысын коргогон Жийдеш Идирисова 1-орунду алды




Бүгүн, 19-декабрда Түркиянын Стамбул шаарында "Turkvizyon-2015" Эл аралык сынагынын гранд-финалында мамлекетибиздин атынан чыккан ырчы Жийдеш Идирисова "Ким билет?" аттуу чыгармасын мыкты аткарып, 1-орунду ээледи. 2-орунга казакстандык музыкалык топ ээ болду, 3-орунду Түркия мамлекети алды.
Айта кетсек, "Евровидение" популярдуу ырлар сынагынын аналогу катары саналган "Turkvizyon" Эл аралык сынагында жеңүүчүнү көрүүчүлөрдүн добушу эмес, калыстар тобу берген баалар аныктайт. Ошондой эле кийинки сынак жеңген ырчынын мекенинде эмес, "Түрксой" маданият министрлеринин туруктуу кеңешинин чечиминин негизинде кайсы өлкө түрк дүйнөсүнүн маданий борбору аталса, ошол мамлекетте өтөт. 2014-жылы сынак Татарстандын Казань шаарында өткөн эле.
Жийдеш - Ким билет (Turkvizyon 2015 , 1-орун Стамбул)
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

жийдеш элдин кызы
алга кыргызстан
соз жок........