super.kg logo

Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Уланбек уулу Элназар утту

 
Нарын облусу боюнча Малайзияга жолдомону утуп алган 14 жаштагы Уланбек уулу Элназар

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги жана мекенибиздеги 9 алдынкы ЖМК биргеликте баштап, бүткүл мамлекетибизди кучагына алып, бир ай бою жүргүзүлгөн “Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм” деген аталыштагы дил баяндар сынагы жыйынтыкталды.

Кыргыз жериндеги 9 алдынкы маалымат булагы өлкөбүздүн 7 дубаны жана Ош менен Бишкек шаарларын бөлүп алышып, ар бири өз аймагынан дил баяндарды кабыл алып, жыйынтык чыгарышмак. “Супер-Инфо” гезити сынакты Нарын облусу боюнча жүргүзүп, редакцияга келип түшкөн 106 дил баяндын ичинен 14 жаштагы Уланбек уулу Элназардыкын мыкты деп баалап, аны жеңүүчү деп тапты.

Элназар Нарын шаарындагы Чкалов атындагы мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу. Жеңүүчү болгонун укканда кубанып, күлүп да, кыйкырып да алды.

- Элназар, куттуктайбыз! Нарын облусунун окуучулары өзгөчө активдүүлүгүн көрсөтүштү. Ар бир районунан дил баяндар келип жатты. Жүздөн ашык окуучунун арасынан суурулуп чыгам деп күттүң беле?

- Күткөм, ооба, күткөм. Бүгүн сынактын жыйынтыгы жарыялана турган күн эмес беле. Эртеден бери үй-бүлөбүз менен күтүп отурдук эле.

- Жеңүүчү болгондогу сезим кандай экен?

- Жыргап жатам.

- Жыйынтыкты сени менен кошо күтүп отурган дагы кимдер бар, үй-бүлөңдөн башка?

- Таенем, бүт туугандар күткөн болчу. Досторго да сунуштагам, "ушундай сынак жүрүп жатыптыр, катышкыла" деп.

- Кимге сүйүнчүлөдүң?

- Таенемди күтүп жатам. Азыр үйүндө эмес болчу. Ошого сүйүнчүлөйм.

- Дил баянда буга чейин Москвада болгонуңду жазыптырсың. Дагы кайсы чет өлкөдө болгонсуң?

- Орусиядан башка чет өлкөгө чыгып көрө элекмин.

- Жеңүүчү 9 окуучу кышкы каникулда Малайзияга барып эс алып кайтат. Ал өлкө кайсы жакта жайгашканын, эмне болгон өлкө экенин билесиңби?

- Ооба, билем. Индонезия менен чектешкен Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө. Борбор калаасы Куала-Лумпур шаары.

Элназардын кебин атасы Уланбек улантып, “бүгүн сынактын жыйынтыгы чыга турган күн” деп эртең менен май токоч бышырып, жубайы экөө "уулубуз жеңсе экен" деп тилек кылышканын билдирди.

Нарын облусунан жиберилген дил баяндардын арасында Ат-Башы районунун Дыйкан айылынан Болот Арналиевдин, Нарын районунун Учкун айылынан Алмаз Эшбаевдин, Нарын шаарынан Алишер кызы Нуржанаттын, Жумгал районунун Чаек айылынан Нурхан Буларбековдун дил баяндары да өзгөчө кызыгууну жана талкууну жараткан эмгектер болду.

Эсиңиздерге салсак, дил баяндар сынагына өлкөбүздүн жети дубанынын жана Ош менен Бишкек шаарларынын 12 жаштан 15 жашка чейинки окуучулары катышты.

Жеңүүчү деп табылган дил баянды сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Дүйнөдө бир да адам болбосо керек, мекенинин гүлдөп-өсүшүн каалабаган. Мен дагы кооз мамлекетте кыргыз болуп төрөлгөнүмө абдан сыймыктанам. Атым - Элназар, 14 жаштамын жана Чкалов атындагы гимназия-мектебинин 8-классынын окуучусумун. Бул сынакты ойлоп тапкан Малайзияда элчи болуп иштеген Кылычбек Султанов байкеме ыраазычылык билдиргим келет. Канчалаган өспүрүмдөрдүн өз жерине болгон сезимдерин ойготуп, мамилесин, ой-жүгүртүүсүн өзгөрттү. Мен дагы жеңүүчү болсом, анан Малайзияга баруу мүмкүнчүлүгүн алсам деп кыялданып турам.

Менин оюм боюнча, Кыргызстандын гүлдөп-өсүшүнө 3 нерсе керек.

Биринчиден, үй-бүлө мамлекетибиздин өзөгү болгондуктан, өнүгүүнү дал ушул үй-бүлөдөн башташ керек. Мисалы, кыргыз ата-энелеринин психологиясын өзгөртүү зарыл. Ата-энелер көбүнчө бизди “муну кылышың керек, тигини бүтүрүшүң керек, керек, керек...” деп тарбиялашат. Бүт айтышат, бирок көрсөтүшпөйт. Мисалы, балдарына "бири-бириңер менен урушпагыла" дешет, бирок өздөрү уруша беришет, "тамеки чекпегиле" дешет, өздөрү тарта беришет.

Кинолорду карап турсаң, өнүккөн мамлекеттерде балдарынын көзүнчө урушушпайт, тамеки чегишпейт, аларга үлгү болууга аракет кылышат. Эң негизгиси, мыйзамды катуу сыйлашат, балдарын кичине кезинен тартып мыйзамдарды сыйлоого, сактоого үйрөтүшөт. Биздин ата-энелер керек болсо өздөрү мыйзамдарды биле беришпейт. Азыркы ата-энелерди өзгөртүү кыйын, бирок келечектеги үй-бүлөлөрдү колго алса болот деп ойлойм. Мен чоңойгондо балдарыма татыктуу тарбия берүүгө аракет кылам. Үй-бүлөлүк тарбия да өлкөбүздүн өнүгүүсүнө зор салым кошо алат.

Экинчиден, өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Америка, Орусия, Кытай, Японияда адамдардын билим деңгээли жогору. Ал жактарда жөнөкөй мектептерде да билим терең берилет. Жеке менчик окуу жайлар көп, ата-энелер балдарын менчик мектептерге көп беришет. Мен 7-класста окуп жүргөндө мектептеги “Интеллект” ийримине катышып, алдынкы алты окуучу Москва шаарындагы М.Ломоносов атындагы менчик мектепте өткөн Дүйнөлүк интеллектуалдык олимпиадага катышып келгенбиз.

Орус окуучуларынын билим деңгээли биздикинен жогору экенин көрүп, ошондо абдан ызаланып келдим. Демек, биздин мамлекетте менчик мектептер көп болуп же бардык мектептерде терең жана сапаттуу билим берилиши керек деп айткым келет. Ошондо биз келечекте билимдүү адис, билимдүү жетекчи, окумуштуу, министр, депутат, президент болуп чыгабыз дагы, мамлекетибизди туура башкарууга, өнүктүрүүгө шарт түзө алабыз.

Үчүнчүдөн, кичи жана орто бизнести өнүктүрүш керек, анткени бул бизнестер элге жеткиликтүү. Алгач адамдарды бизнеске үйрөтүш керек экен. Мисалы, менин ата-энем 5 жыл мурун чакан дүкөн ачышып соода кылышты, башында жакшы болду, анан тез эле банкрот болуп калышты. Себебин сурасам, "акчаны туура пайдалана албай койдук" дешти.

Азыр мындай банкрот болгон адамдар канча? Эгерде мектепте турмушка көп пайдасын тийгизген сабактар өтүлсө, мисалы, бизнес боюнча, окуучулар чоңойгуча туура эсептегенге, кирешени туура көбөйткөнгө, деги эле туура ойлонгонго даяр болуп калышат эле. Ар бир үй-бүлөдө бизнес болсо, кыргыздар байышат да. Эл бай болсо, Кыргызстан тез өнүгөт деп ойлойм. Мамлекет жетекчилери жакырчылыктан чыгуунун, жумушсуздукту жоюунун жолдорун издебей, өнүгүү жолдорун ойлонуп калышат эле.

Кыргызстанда азыр жашоо жакшы деп эсептейм: согуш жок, элдин курсагы ток, кийими бүтүн, кафелерде күндө той дегендей. Ошону менен кошо элдин психологиясын, элдин түшүнүгүн, билим деңгээлин, мамлекетке болгон мамилесин да өнүктүрүш керек. Ошондо менин кыргыз элим, менин кыргыз жерим сөзсүз гүлдөп-өнүгөт. Мен ишенем!

Уланбек уулу Элназар, 14 жаштамын.

Нарын шаары, Шералиев көчөсү – 283.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 8 
Комментарийлер(28)
20.12.2015. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бали
20.12.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бали куттуктайм сынакты женгенин учун ар дайым Нарынды алдыга сурогон инсан болуп журо бер
20.12.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын!!! Ийгилик!!! Жакшы эс алып келгиле,ишенем бул жерде карупция,тааныш-билиш жок,таптаза отконуно.
Урматтуу жамаат,башка обл.женуучулорду да жарыялап койгулачы сураныч...
aidai88 түзөттү 20.12.2015 17:02
20.12.2015. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
дил баянды кошуп жазып койбопсуздар да
21.12.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurik2103, дил баян турат го
20.12.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дил баяндарын кошуп жазгылачы супер
20.12.2015. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусиядагы кундорун. Кыргыздардын абалын жазганго дейм
20.12.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.билимдуу экени корунуп турат.мындай ийгиликтердин кобун багындыр.
20.12.2015. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элназардын жазган дил баянын толугу менен чыгарып койсонуздар жакшы болмок.
20.12.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелди Нарындыктар, Нарын алга Жумгал Чаек алга жана алга..!!!
20.12.2015. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын сыйлыгын кут болсун! Эн сонун дил баян жазыпсын.
21.12.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Элназар!
21.12.2015. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай жакшы жазылыптыр,билимдуу бала экен. Уюштуруучуларга чоон рахмат, ушундай конкурстарды коп уюштуруп балдарыбызга дем берип,алардын окууга кызыгууларын арттырып турса. Башка элчиликтер,депутаттар мэрия да ар турдуу конкурстарды тез тез откоруп турушса аябай жакшы болоор эле,жештин гана жолун олойшпой,балдарга да конул буруп койушса
21.12.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын, абдан акылдуу бала экен. Малайзияга аман -эсен барып кел. Олкого салымын кошкон билимдуу болуп чоной.
21.12.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ийгилик иним
21.12.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсың, Эрназар! Өнүгүүнүн жолун так, көзгө сайып көрсөтүпсүң! Жогорку бийликтегилерге сонун шпаргалка болуптур, окуп коюшса ашыкча болбос эле
21.12.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!!
21.12.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!жакшы эс алып кел
21.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максатты туура коё билген акылы тетик, зирек жигит экен. Өсүп келаткан муун сен сыяктуу болсо, албетте, мен да ишенем, өнүгөбүз!!!
21.12.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баланын булгана элек таза ою. Жөнөкөй тил менен, өз турмушунан алып жазыптыр. "Азыр Кыргызстанда жашоо жакшы, согуш жок, тынч, тойлор көп..." дегени окуп алып күлдүм. Азаматсың, жеткинчек! Сенден көп ийгилик жаралат. Кыргыз жерибиздин өнүгөрүнө мен да ишенем!
21.12.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уулум! Сени менен сыймыктанам! Сен абдан акылдуусун. Бардык женуучулор жана уюштуруучулар аман-эсен барып келгиле.Кылычбек Султановго озгочо рахмат, уулум Сиздей болсун Ишинизге ийгилик!!!
22.12.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын, куттуктайм!!!
22.12.2015. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бали бали Азамат жигит экен эн сонун,соз жок!Куттуктайм аман эсен барып келгиле!
24.12.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuttuktaim
25.12.2015. 03:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куттуктайм иничек!!!
25.12.2015. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын, ушунундан жазба, келечегин кен болсун! Ак жол аман эсен барып келгиле
26.12.2015. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!!!!!!!!!!!!!
26.12.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бугун гезиттен окуп алып дагы кубандым. Ата-энене коп кубаныч тартуулаган уул бол, берекем менин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: