super.kg logo

Жалал-Абад облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова утту

 
Зыягүл атасы, чоң энеси жана бир туугандары менен

Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ММКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 6-класстын окуучусу Зыягүл Искендерова табылды.

Зыягүл Искендерова Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Миң-Өрүк айылындагы Токтосун Темирбаев атындагы №6-гимназия-мектебинде окуйт. Окуучу дил баянында айылындагы таза суунун жоктугун, ата-энеси үй салуу үчүн чет жакта иштеп жүргөнүн айтып берген. Сынакты Жалал-Абад облусу боюнча "Азаттык" радиосу жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Бул сынак тууралуу радиодон угуп, атам мага катышып көрүүнү сунуштады. Башында мен дил баянды башкача ыкмада жазган болчумун, бирок өзүмө жакпагандыктан, кайрадан жазууга туура келди. Айылыбызда таза суунун жоктугун, ата-энем үй салабыз деп кезектешип Орусияда иштеп жүргөнүн жана тоодогу таенемдин үйүндөгү турмушту дил баянга тиркедим. Сабактарымды аткарып бүтүп, дил баянды төрт күн бою түнү менен жазып чыктым. Андан соң сынакка жөнөттүк. Жакшы окусам, адамдар эч оорубай, жакшы иштешсе жана чет өлкөлөр менен байланышып иш кылса, Кыргыз Республикасы өнүгөт деп ойлойм",- дейт Зыягүл.

Кыздын атасы Кайрат Искендеровдун кубанып турган учуру.

"Чындыгында, "кызыңыз үч жеңүүчүнүн катарына кирди" деп мага телефон чалганыңарда кубанганымдан кыйкырып, секирип да жибердим. Мектеп директору жана эжелери телефон чалып куттукташты. Өзгөчө атам менен апамдын сүйүнгөнүн айтпагыла! Орусиядагы апасы да кубанганынан ыйлап жиберди. Азыр да оюм бир жерде болбой, толкунданып турам. Ар ким чала берип башым да айланып калды. Бүгүн да сүйүнгөнүмдөн уктай албасам керек",- деди кыздын атасы.

Зыягүлдүн чоң энеси Карамат Усенова да кубанычы менен бөлүштү.

"Байлар же таанышы барлар биринчиликти алса керек деп ойлогом. Азыр эле мугалими менен ушул багытта сүйлөшүп отурганбыз. Буга чейин бир кызым сынактан өткөнүнө карабай чет өлкөгө даярданып жаткан учурда ордуна акчасы барлар башка бирөөнү киргизип жиберишкен. Бул жолу да биз ошондой болбосо экен деп күмөн санап жатканбыз, бирок абышкам сынак акыйкат өтөт деп бизди сооротуп койду. Неберем үйдө мага чакалап суу ташып берет, эми ал менин эрке кызыма айланып, көп суу ташытпайм деп турам (күлүп). Мектепте окуган балдарым мактоо баракчасын алып, Искендеров деген фамилия чыкса аябай толкунданып сүйүнчүмүн. Жаш болсо да эл-жер көрүп, билимин өркүндөтүп келсин",- деди чоң эне.

Жалал-Абад облусу боюнча жеңүүчү деп табылган Зыягүл Искедерованын дил баянын сунуштайбыз:

"Кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм"

Кыргызстан - биздин эгемен мамлекет, бирок чоң атам айткандай, азырынча бай эмес. Биздин айыл Жалал-Абад шаарына жакын. Шаарга тез-тез каттап турабыз. Шаар көчөлөрү тар, машиналар көп. Кайда барсаң базар. Бул жерден алып тиги жерде кайра сата беришет, себеби шаардыктарга туруктуу иштөө үчүн жумуш жок. Ал эми айылда жер иштетип, мал багабыз. Алардан алган азык-түлүктү шаарга өткөрөбүз. Кышында көбүнчө иш жок. Мунун баары буюм же кайра иштетүүчү ишканалардын жоктугу. Жадакалса биздин көчөдө эки чоң мектеп болсо да, таза суу чыкпайт. Баарын узактан ташып ичебиз. Көп убактым суу ташыганга кетет.

Үй курабыз деп айылда алардын адистигине ылайык жумуштун жоктугунан атам, апам Москвада алмак-салмак иштеп келишет. Көбүнесе чоң ата-чоң энемдин карамагында калабыз. Чоң атам телевизордон дайыма кечки жаңылыктарды көрөт. Биз да чогуу көрөбүз. Биздин президентти көп көрсөтөт. Аны баарыбыз тааныйбыз. Ал өтө жакшы адам, себеби ал араздашкан эки элди жараштырып, өлкөгө тынчтык, ынтымак алып келген. Агай-эжейлерибиздин айлыгын көбөйтүп, көп бала бакчаларын ачкан. Түндүк-түштүк жолун курууга киришти. Эми биз Ысык-Көлгө тез эле сонун жол менен жетебиз. Мунун баарын бизге чоң атам айтты.

Биздин өлкөдө баары бар: суулар, токойлор, тоолор, көлдөр, жапайы жан-жаныбарлар. Ошол байлыгыбызды, жаратылышыбызды сактап, эс алуучу жайлар курулса, саякатчылар көп келип, элибиз байымак. Таята-таенем кооз тоо койнунда турушат. Мен көп барам. Токойдон жаңгак, алма, алча теришем, бирок мөмө-жемиштерди үйдө кургатабыз. Аларды эч ким сатып албайт, себеби баарында бар. Жөн эле ысырап болуп калат.

Чындыгында, менин Кыргызстаным кооз экенине суктанам. Биз жакшы окуп, ынтымактуу болуп, талыкпай эмгектенсек, баарыбыз бардар, өлкөбүз да бай болуп, мамлекетибиз өнүгүп, күчтүү болот.

Менин тилегим ата-апама жумуш болуп, биз менен экөө тең чогуу жашаса. Чоң ата-чоң энемдин пенсиясы көбөйүп, биз чогуу чет өлкөлөрдөн эс алып келели. Биз телевизордон көргөн Париж, Астанадагыдай бизде да бийик-бийик имараттар, музей, айбанаттар багы курулса. Айыл-шаарларыбыз таза болуп, эч ким оорубаса. "Жалал-Абад" курортубуз кеңейип, эс алуучулар көп келсе. Бул оюмдун баары сөзсүз орундалат. Мен ишенем.

Азыр биздин республика өлкөлөр, коңшу мамлекеттер менен карым-катнашта, ынтымакта. Ушул ынтымак бузулбай, тынчтык болсун. Албетте, биз Кыргызстаныбыздын өнүп-өсүшүнө чогуу салым кошобуз.

Зыягүл Искендерова


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(39)
20.12.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Тааныбасамда окуп жатып козумо жаш алдым кубанып.Бактылуу бол карындашым илимин оркундой берсин.
22.12.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Mars55, ушундай улан кыздар бар экенин билип сезип кыздар кечиргиле!!мен козго жаш алып толкундандым!!
20.12.2015. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын. Ой-жугуртуун чондордукундай эле экен
20.12.2015. 23:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азамат! Тилегине жет.
20.12.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жаштын тилегин Кудайым берет деген ишенимде тилеген тилектерине жет садага дегим келди. Азаматсын!
21.12.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Окуп ыйлагым келип кетти. АЗАМАТСЫН ЗЫЯГУЛ!!! Аман болуп БАКТЫЛУУ болсун!
21.12.2015. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайм женишин менен!
21.12.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат кыз экен келечегин кен болсун!
21.12.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да окуп кубанып алдым . Ийгилигин кут болсун . Айткандай акчалууну жибербей , озу барып эл жер коруп келсин
21.12.2015. 01:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын. Жаштын тилегин берсин.
21.12.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оозу май кичинекей бобоктайым!Ден соолукта бол,омурлуу бол,бактылуу таалайлуу кыздардан бол эн негизгиси алтын башын аман болсун.
21.12.2015. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарын создорун уйкаштырып сонун жазыптыр азамат десе.
21.12.2015. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо азаматсынар балдардын жаш курагын туура тандаган. Озу алтынчы класста жашоого болгон коз караш озгоруп тытынып окуп аткан кез болот дааа кандай сонун . Ийгилик женуучуго жакшы эс алып кел.
21.12.2015. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан жакшы болуптур кыскас жана маанилуу Азаматсын кудайым сага жар болсун!Карынын созун капка сал дегендей бул кыз абдан деери бар кыз окшойт чон атасынын ар бир кунт коюп уккан.Ийгилик!!!
21.12.2015. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сонун азаматсынар. Кыргызстандын келечеги учун илимдуу болуп чоной.
21.12.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын! Кыргызстандын келечегин ойлогон жаштар кобойо берсин
21.12.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тилегин оорундалсын. Азамат! Соонун жазылган.
21.12.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде! Кичинекей жердешимдин женишине аявай куванып жатам! Бул гимназиянын мугалимдери эн кучтуу мугалимдер, билим алган окуучулар да кыйын. Сынакты уюштурган эн коп нускалуу гезитибизге жана элчилике лично Кылычбек агайга чооооон рахмат! Ар дайым бар болунуздар!
Зиягул женишин кут болсун синдим, кыргыз эли учун жасаган чоон эмгектериндин башы Малайзияга саякаттан башталган болсун.
21.12.2015. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесин жаш болуп туруп ыйлатыптыр да.
Модератор admin_media түзөттү 2015-12-21 10:46:47
21.12.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Окуп алып көзүмө жаш алдым. "Жаштын тилегин берет" дешет. Тилектериң орундалсын, болочоктогу өкмөт башчы Зыягүл! Жакшы эс алып, жакшы идеялар менен кайт.
"Супер-Инфо" азамат! Кылычбек Султановго бали! Ушундай жакшы иш-чараларды өткөрүп жүрө бериңиздер. "Ушакчы гезит" дегендерге дагы бир жакшы жооп болуптур бул иш-чараңыздар.
21.12.2015. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тиги баланыкына караганда бул кыздыкы жакшы болуптур.
21.12.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы Ош шаарынын жыйынтыгы чыга элекпи
22.12.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
armani.arman01, Ош шаарынын Ноокат районунун Кожо келен айылындагы 8 б классынын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек утту,аны ЭлТР каналы тандады
21.12.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелде окуп козумон жаш чыгып кетти.
21.12.2015. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!Окуп атып ыйлап алдым.Тилектерин орундалсын.Сынак таза отконуно кубанып,оз жердешим женуучу болгонуна сыймыктанып калдым!!!
21.12.2015. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай тилегинди берсин
21.12.2015. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат
21.12.2015. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага эн жакканы ушул кыздын баяны болду.
21.12.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалабаттык Зиягул Искендерова деген кыздын дил баяны мени аябай таасирлентти. Анткени учурдун жн койгойлуу маселелерин айтып соонун жазыптыр. Козумо жаш тегеренди окуп буткончо....
22.12.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаттык жакшы тандаптыр бей тарап, калыс,туура. Ал эми окуучу кыргыз тилинин адабий, бай, нукура табигый жасалмасыз экендигин корсотуп тунук ойун жазыптыр
23.12.2015. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жагоосу жакшы экен... ушундай жагоо тагынышат экен да...
Азамат!!!
23.12.2015. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өркүнүң өссүн!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: