6 жыл мурун Кант шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон кайра келбеген Алтынбек Жамакеевди издөө уланууда

6 жыл мурун үйүнөн чыккан бойдон кайра келбеген Алтынбек Жамакеевди издөө уланууда. Бул тууралуу 21-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Кант шаарында 1980-жылы туулган Жамакеев Алтынбек Мукаевич 2009-жылы үйүнөн чыгып, кайра кайтып келген эмес. Ушул күнгө чейин издөө иштери жүрүп, натыйжасыз болуп жатат. Азыркы тапта Ысык-Ата райондук ички иштер органдары көргөн-билгендерди көмөктөшүүгө чакырууда. Маалыматы барлар (0701) 23-00-33, (03132) 5-21-47, (0312) 61-69-07 телефондоруна байланышып же милиция бөлүмүнө кабарласа болот.
А.Жамакеевдин бою 170-172 сантиметр, чачы кара, кой көз. Сол бутунда 5 сантиметрдей калы, сол колунда татуировкасы бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.