super.kg logo

ИИМ: Жаңы жылды майрамдоо убагында милиция коомдук коопсуздукту камсыздайт

 

Келе жаткан 2016-жылды тосуу мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти алгылыктуу камсыздоо максатында бир катар чаралар көрүлөт. Муну Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан 21-декабрда билдиришти.

Бул күндөрү укук коргоо органдары стратегиялык маанидеги объектилерди күчөтүлгөн түрдө кайтарышат. Пиротехникалык каражаттарды саткан жана сатып алган атайын жерлердин канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоо максатында ыкчам-профилактикалык текшерүүлөр жүргүзүлөт. Милиция кызматкерлери тарабынан пиротехникалык заттарды колдонуунун коопсуздугун эске алуу тууралуу өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ошондой эле ийне жалбырактууларды кыюуну токтотуу максатында түнкүсүн мамлекеттик администрациялардын жергиликтүү өкүлдөрү атайын топторду уюштурууда. Оюн-зоок өтүүчү жайлардын администрациясы менен эс алуучу жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: