super.kg logo

Таш-Көмүрдөгү өрттөн 9 үй-бүлө турак жайсыз калып, мейманканага жайгаштырылды

 

21-декабрга караган түнү Таш-Көмүрдөгү үйлөрдүн биринен чыккан өрттөн 9 үй-бүлө турак жайсыз калды. Алар мейманканага жана кошуналарынын үйлөрүнө жайгаштырылды. Өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Таш-Көмүр шаарынын Некрасов көчөсүндө жайгашкан эки траптуу барак үйлөрдүн биринен белгисиз жагдайда өрт чыгып, үйдүн үстү күйүп жатканын Таш-Көмүр шаардык ички иштер башкармалыгынын ага нөөмөтчүсү З.Үтүров көрүп, тергөө-ыкчам тобун, өрт өчүрүү кызматкерлерин жана "Тез жардам" кызматын чакырган.

Алар өрт чыгып жаткан жерге барганда барак үйдүн үстү күйүп жатканын көрүшкөн. Милиция кызматкерлери өрт өчүрүүчүлөр келгенче үйдүн ичинде уктап жаткан бардык жарандарды ойготуп, 9 үй-бүлөнү куткарышкан. Үйдүн ичиндеги буюмдарды толук алып чыгууга мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ал эми жашоочуларын толугу менен милиция кызматкерлери алып чыгышты жана эч ким жаракат алган жок, ошондой эле коомдук коопсуздукту камсыз кылып, эч кандай талап-тоноого жол берилген жок.

Келтирилген материалдык чыгымдар атайын түзүлгөн комиссия тарабынан такталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: