super.kg logo

Талас облусу боюнча Малайзияга жолдомону 6-класстын окуучусу Нурэл Абасканов утту

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Талас облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 12 жаштагы Нурэл Абасканов табылды.

Нурэл Абасканов Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу. Окуучу дил баянында кыргыз элинин ынтымагын, тарыхын, каада-салттарын сактоо боюнча көз карашын жазган. Сынакты Талас облусу боюнча "Фабула" гезити жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

"Мен бул сынак тууралуу телеканалдан берилген жарыядан улам билдим. Андан кийин апам эч ойдо жок жерден "Супер-Инфо" гезитинин 2015-жылдын 4-декабрында чыккан санын алып келди. Гезитти окуп жатып: "Балам, сен айтып жаткан дил баян сынагынын шарттары бул санга чыгыптыр",- деп калды. Өзгөчө сынак экен деп катышууну чечтим. Жыйынтыгын чыдамсыздык менен күн санап күттүм. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилигине, мени жеңүүчү кылган гезиттин жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз",- дейт Нурэл.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз (автордун стилистикалык жазуу өзгөчөлүгү өзгөртүлбөй берилди):

"Мекенимдин гүлдөп-өсүшүн каалайм же бир кумурсканын тилеги"

"Эмне үчүн кумурска? Кандай тилек?" деп таң калып турасызбы? Анда четинен жооп берип өтсөм.

Мен апама бул сынакка катышарымды билгизгенде, ал "сенин дил баяның, биринчиден, кызыктуу, экинчиден, жөнөкөй, үчүнчүдөн, кайталангыс болушу керек" деди. Мен дил баянга киришүүдөн мурда өз өлкөм тууралуу да, Малайзия тууралуу да кененирээк билгенге далалат кылдым.

Алгач кумурсканы каарманым катары тандап алганым тууралуу жазып өтсөм. Биринчиден, кумурскалар абдан ынтымактуу келишет экен. Мен көп ойлоном, эмне үчүн кыргыздар жамандыкта гана биригишет? Ал эми өнүгүүгө келгенде, ар бир адам, ар бир үй-бүлө өз багынын гана гүлдөшүн каалайт. Ар бир облус “биз алдынкыбыз” деп мактанат. Бул көрүнүш өнүгүүгө алып келбейт. Ар бирибизди “Мен - кыргызмын!” дегенге сыймыктануу менен караганга чакырат элем. Экинчиден, ал абдан эмгекчил. Бул жактан караганда, алар бизге үлгү.

Эми кумурска досум менен кыялымдын канатында көк тиреген Ала-Тоонун бооруна конуп, Малайзияга көз чаптырайынчы. Кыргызстан менен окшоштук жактарын издейинчи.

1. "Малайзия" сөзү “тоолуу өлкө” дегенди билдирет.

2. Гибискус гүлү беш желбирчектен турат, мусулманчылыктын беш эрежеси катары өлкөнүн символу болуп эсептелинет. Куала-Лумпурда бул гүлдүн эки жүздөн ашык түрү өстүрүлүп, ал жыл бою гүлдөйт экен. Ошондой эле гибискус гүлү - Малайзиянын Улуттук учак компаниясынын символу.

3. Малайзия кызгылт-күрөң бүркүтү менен сыймыктанат. Ал эми биздин Ала-Тообузду бүркүттүн ондон ашык түрү мекендейт.

4. Малайзия да эгемендүүлүк күнүн 31-августта белгилейт.

Кумурска досум, карачы, өнүккөн мамлекеттер гүлдөрү менен да сыймыктанышат. Кыргызстандагы айгүл гүлүн эстечи, гректер талашып келген кыргыз жаңгактарычы, мөлтүр сууларычы. Бул асыл нерселер өлкөбүздүн жүзү болуш үчүн аны дүйнөгө туура тартуулаганды билиш керек экен. Билим менен сеникиндей эмгекчилдик, талант, тапкычтык негизги талаптар тура. Мен ишенем, кыргыз эли - таланттуу эл.

Кумурска досум, кайра Малайзияга сапар алалы. Малайзия - Сингапурдан кийинки эле Азиядагы эң өнүккөн ири мамлекет.

Мен өнүгүүнү кандай түшүнөм? Өнүгүү - бул компьютерди бешке билип, өз тарыхыңды унутуп, башка улуттарды тууроо эмес. Жок. Тарыхыңды түбүнөн бери билүү, салт-санааларды турмуштук эрежелер катары колдонуу, өз тилиңде таза сүйлөө, чет жакка чыкканда өз өлкөңдү даңазалай билүү!

Кумурска досум, кел, эми Куала-Лумпурдагы заманбап Петронас, 88 кабаттан турган эгиз мунарасына чыгып, элди карап көрөлү. Кумурска досум, бийиктиктен эл кумурскадай эле көрүнөт экен! Анан бул жердин эли абдан эмгекчил деп айтышат.

Тээтиги Лангкавидеги “SKY Bridge" көпүрөсүн карачы, ал эми Куала-Лумпурдагы үч миңден ашык куштары бар “Куштар багычы”. Борнео шаарындагы “Нефть” музейичи. Мен бул мамлекет тууралуу окуп жатып бул нерсени түшүндүм. Кайсы өнүккөн мамлекет болбосун, “эң” деген нерсеге умтулат экен. Эң ири шаар, эң чоң мечит, эң узун көпүрө, эң даамдуу балмуздак же ушул сыяктуу. Биздин Кыргызстаныбыз да Орто Азиядагы гүлдөгөн, эң ынтымактуу мамлекет болсо экен деп тилейм!

Ооба, кумурска досум, буюрса, ушунун баарын жакындан көрөбүз! Бөлөк мамлекеттердин жакшы жактарын үйрөнүп келип, Ата Мекенибизге кайтып келгенде асыл ойлорубузду ишке ашырабыз! Анткени мен да, сен да Кыргызстандын бир кайталангыс бөлүгү экенибизди унутпашыбыз керек!

Нурэл Абасканов, Талас шаарындагы "Манас Ата-Себат" лицейинин 6-“б” классынын окуучусу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(24)
21.12.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
6-класстын окуучусу ушуларды жазыптырбы?)))
21.12.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
AshatMJ89, турк лицейде окуп жатса жаздыго ОЗУ эле
22.12.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
AshatMJ89,Себаттын баласы болсо
21.12.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мендагы ишенбей турам, апасы озунун ойлорун жазгандай, Жалал-Абаддагы женуучу кыз так окуучунун ою менен жазган
21.12.2015. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
asad345,туура айтасын.Чон атам айтат деп аябай Сонун жазган.Ысык колдук балада жакшы жазган Озунун тили менен.
22.12.2015. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдук баланыкына эчкимдики жетпей калды го))))
21.12.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул дил баяндарды мектепте жазыштыбы же үйдөбү?
24.12.2015. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik2103, тоого чыгып жазсанда боло берет ар Ким каалаган жерде болгон ошону учун укмуштай сон адамдын ойюундай нерселерди жазып атышбайбы саясатты кошуп
21.12.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазышы мүмкүн, түрк лицейде окуп жатса...
21.12.2015. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул бала Чынгыз Айтматовдой болуп кетиптир а ырчылардын балдары болсо аяз атага жазган каттарын окусан эми билбейм мумкун буларды топтоп комиссия аркылуу жаздырыш керек болчу ата-эненин жардамысыз
krem түзөттү 2015-12-21 17:15:36
23.12.2015. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
krem, точно!! Кошулам!!
21.12.2015. 18:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кандай жол менен жазса дагы, аябай мыкты жазыптыр. Мен да бул баланын оюна кошулам. Кыргызстаныбыз эн ынтымактуу олколордон болушуна ишенем!.
21.12.2015. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ээ бул китептпен эле кочуруптур апасы
21.12.2015. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
6-класстын окуучусу малазия жонундо коп нерсе билет го,апасы мугалим эмес бекен
22.12.2015. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы медиа тандаптыр Талас облус боюнча Жалал-Абадды АЗАТТЫК бей тарап, калыс, туура тандаган
22.12.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asad345, фабула гезити тандаптыр.
22.12.2015. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Апасы жардам Берген ондуу.Баарынан да Жалал-Абад анан Ысык-Колдуку жакшы Жана туура тандалыптыр.
23.12.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
6-класстын окуучусуна дил баян жазыш оңой эмес, анткени бул куракта дил баян эмне экенин, аны кантип жазыш керек экенин жаңы-жаңы өздөштүрүп жаткан болот деп ойлойм... Ошон үчүн бул дил баянда чоңдордун көмөгү бар экени байкалып турат...
Менимче, сынак жогорку класстар арасында жүргүзүлсө сонун болмок. Кантсе да алардын ою токтолуп, ой жүгүртүүсү кыйла калыптанып калат да... Ошентсе да жеңүүчүлөргө, алардын эмгектерине ыраазы болдум...
23.12.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бала озу жазды, жолугуп суйлошуп корсонор ишенесинер! Молодец, ийгилик!Сыймыктанабыз!!!
23.12.2015. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала акылдуу болсо болгондур эмне мынча коро албастык суйунгуло, кантип эле жеген суроо жеп коет да баарибир кыргыздарды ))))))))
23.12.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсо да жердешимди тандачым эле, бирок бул бала копту умуттондурду!!! Ийгилик сага!
23.12.2015. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура, 6-класстын окуучусун ийгилигин ушундай коро албай жатабыз, качан оңолобуз?????????
24.12.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Нурэл! Балалык сезим, балалык кыял, акыл ой менен жазылган эн корком дилбаян деп эсептейм!Рахмат сага, сени чонойтуп остургон ата-энене рахмат, ушундай уулду тарбиялаган!
24.12.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ОРкууна ийгилик!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: