Футбол жаатындагы эң даражалуу кызматтын ээлери Йозефф Блаттер менен Мишель Платини футбол чөйрөсүнөн 8 жылга четтетилишти

Эл аралык футбол федерациясынын президенти (ФИФА) Йозеф Блаттер менен Европалык футбол ассоциацияларынын кеңешинин (УЕФА) жетекчиси Мишель Платининин 8 жылга футбол жаатында ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө тыюу салынды. Мындай чечимди иликтөөлөрдөн кийин ФИФАнын Этика боюнча комитети кабыл алганы маалым болду.
Маалыматка ылайык, ФИФА уюму Блаттердин буйругу менен Мишель Платининин эсебине 2 миллион франк өлчөмүндө каражат которгон. Бул акча каражатынын мыйзамдуу экенин Блаттер далилдей алган эмес. Ошол себептүү иликтөө иштери башталып, футбол ишмерлери ушул жылы октябрда ээлеген кызматтарынан убактылуу четтетилишкен (90 күнгө).
ФИФАнын жаңы президенти 2016-жылы белгилүү болот. Президентти шайлоо 26-февралга белгиленген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
bazarkyl

22.12.2015. 09:10
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эки дөө алышса ортодо чымын өлөт дегендей эле болуптур.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.