super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн өлкөнүн 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбооруна арналган парламенттик угуу өтөт

 

Бүгүн, 22-декабрда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрөт. Ага өкмөт башчы Темир Сариев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышат.

Комитет аталган мыйзам долбоорун 21-декабрда да талкууга алган. Жыйын жүрүшүндө салык жыйноо жүрүмүн башкарууну жакшыртуу менен бюджет тартыштыгын кыскартуу, бюджеттик каражатты сарамжалдуу жана өз багытында пайдалануу, экономиканы турукташтыруу фонду менен өнүктүрүү банкын түзүү сындуу бир катар сунуштар айтылган. Андан сырткары бюджет долбоорундагы макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү дагы бир ирет тактап чыгуу, каржы тартыштыгын жабуунун кошумча булактарын табуу тапшырмасы берилген.

Жыйынтыгында депутаттар мыйзам долбоорун 2-3-окууда колдоп, парламенттин кароосуна алып чыгуу чечимине келишкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: