Ысык-Көлдө өз үйүнөн аялдын жансыз денеси табылды
Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында 1956-жылы туулган Маханько Нина Александровнанын жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Анын кошуналары милиция кызматкерлерин чакырышкан. Бул тууралуу 22-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Милиция кызматкерлери барганда үй ээсинин күйгөн төшөктө жаткандыгын, үстүнкү кийими дагы күйүп калгандыгын көрүп, ӨКМнын өрт-куткаруу бөлүмүнүн кызматкерлерин өрттүн себебин тактап берүүгө чакырышкан. Болжол менен өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Маркумдун жансыз денеси туугандарына тапшырылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.