super.kg logo

Ош облусу боюнча Малайзияга жолдомону 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек утту

 

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги өлкөбүздөгү алдынкы ЖМКлар менен биргеликте уюштурган сынактын Ош облусу боюнча жеңүүчүсү болуп 8-класстын окуучусу Абдыжапар уулу Медербек табылды.

Медербек 2001-жылдын 6-октябрында туулган. Учурда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожоке айылындагы Кожоке орто мектебинде билим алат. Сынакты Ош облусу боюнча ЭлТР телеканалы жүргүзүп, жеңүүчүнү аныктады.

Жеңүүчүнүн дил баянын сунуштайбыз:

"Мен кыргыз жеримдин гүлдөп-өсүшүн каалайм!"

Биздин айыл жайы-кышы кар кетпеген, кооздугу көздүн жоосун алган Алтын-Казык, Үтөр тоолорунун этегинде жайгашкан. Айыл эли жер бети жашылданып, байчечекей жаңы ачыла баштагандан, дарактар саргайып, жаратылыш калың тонун жамына баштаган мезгилге чейин жайлоодо болот. Биз да эл катары мал кармап, курут-май кылып, кымыз, сүт, айранды тамшана ичип, ат үстүндө шамал менен жарыша, бир аз болсо да ызы-чуудан алыстап, жайлоодо эс алууну адат кылып алганбыз.

Күнүгө күндүн көзү көрүнө баштаган учурда табияттын обонун чертип жаткансып шар аккан Кошчан дарыясын жээктей мектепке карай жол алам. Таза абадан кере-кере дем алып, кичинемде уккан жомоктордогу сүрөттөлгөн кооздук көз алдыман өтүп жаткандай кете берем. “Кыргыз жери - жер бетиндеги бейиш” деп бекеринен айтылбаса керек.
Эжейимдин бир аңгемеси мекен, эл-жер жөнүндө терең ойлонуума түрткү болду.
Бир урууда бойго жеткен бир бала жашаптыр. Ал жан дүйнө, боор оору, сүйүү сыяктуу сезимдерден алыс, бой көтөргөн, менменсинген мүнөздөргө ээ экен. Бир күнү атын айтуудан баш тарткандыгы үчүн бир кызды мыкаачылык менен өлтүрүп салат. Аны көргөн айыл тургундары кандай жаза колдонуу керектигин ойлонушат, бирок жадакалса өлүм жазасына да татыксыздай сезиле берет. Ошондо бир аксакал: “Адам баласы үчүн өз мекенинен куулуп, жалгыздыкта күн кечирүүдөн өткөн азап жок”,- дейт. Ошентип, ал баланы өз мекенинен айдап чыгышып, эч ким аны менен сүйлөшпөөгө сөз беришет... Чындыгында эле адам өз мекенинде гана бактылуу боло алат, буга эзелтен сакталып келе жаткан аңгеме-жомоктор, жазуучулар калтырып кеткен чыгармалар далил болуп бере алат.

Мен өз мекенимди абдан сүйөм. Кыргызстан - мен үчүн дем алып жаткан абам, ичип жаткан мөлтүр таза суум, ата-энем, бир туугандарым, эли-жерим, киндик каным тамып, жашоомдогу биринчи кадамдарым ташталган жер. "Мекен" деген сөздү укканымда сүрөтчүнүн барагына тартылган пейзаждай асман тиреп, ак кар баскан Ала-Тоо, ал эми ошол тоонун ары жагында тириликтин жүрүп жатканын көргөзгөнсүп үйлөрдүн төбөсүнөн түтүн асманга көтөрүлүп жатканы көз алдыма келе түшөт.

Менин кыялымдагы Кыргызстан - элдери бардар турмушта күн кечирген, гүлдөп-өнүккөн өлкө. Кыялдан бир аз алыстап, чыныгы көз караш менен карасак, өлкөбүз бир аз аксап, эки жүздүүлүк, алдоо жана күнөөнү айланадан издөө деген чуңкурга түшүп бараткандай сезилет. Эл бийликти, бийлик элди күнөөлөгөнү
ачык-айкын эмеспи. Саясат деген оору менен баары ооруп калгандай. Жадакалса шайлоо болор алдында мектепте, сабакта, көчөдө теңтуш-дос балдар менен партиялар жөнүндө терең маек курабыз. Ар ким үйүнөн угуп чыккан ата-энесинин сөзүн айтып, бир партияны колдоп талаша да кетебиз, футболдогу ар бир командага жан тарткандай партияларга жан тартып, ар ким өз партиясын жеңет деп мелдеше да кетебиз.

Элдин жашоо шартынын начардыгына бийликти күнөөлөгөндөргө кошулбайм. Менин оюмча, ар бир жаран үчүн шартты түзүп берүү мүмкүн эмес. Элибиздин жашоо-турмушу жакшыруу үчүн ар бирибиз өзүбүз аракет кылышыбыз керек. "Улуу адам майда иштен да чоң ишти кыла алат, ал эми майда адам чоң ишти да майдалап салат" деп бекеринен айтылбаса керек...

Эгер ар бирибиз бийлик-мансапка эмес, "Канткенде менин адамдарга көбүрөөк пайдам тиет?" деп жашаганыбызда, өмүр жолубузда ырахаттуу, пайдалуу издерди көргөн болор элек. Кандай гана мамлекет болбосун, анын келечеги жаштардын колунда делет эмеспи. Ата-бабаларыбыз бизге мурас кылып калтырып кеткен жерди коргоо, сактоо, гүлдөтүп-өстүрүү келечектеги муундардын милдети, сыймыгы, жоопкерчилиги деп билем.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
22.12.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барекелде аябай маанилуу жазыптыр ак соз. ой жугуруу соз куроо бирине бирин айкалыштыруу аркимдин эле колунан келе бербейт
22.12.2015. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азаматсын.Бир ушул бала орто мектен экен,калгандары гимназия,лицейде окуугандар.
22.12.2015. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Копчулук балдардын дил баянын оздору жазды деген ойдон алысмын.Грамматика жактан да,ой жугуртуу жактанда жаш бала анчалык терен ойлонуп,дыкат болуп жазбайт.Кантседа женуучулорго ийгилик.Жакшы эс алып келгиле.
22.12.2015. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
bars_wire, обаа кээбирлери ошондой экен
22.12.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
s5kgbal, заманга жарашада азыркы окуучулар жакшы эле ой жугуртот.
22.12.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ваай супер го. Буну окуп жатып мээ сергип калды. Озум Кыргызстанда эместигим учун бир барып келгендей болдум.
Азаматсын.
23.12.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун,жакты жазган чыгармасы!"Ар бир адам озунун туулган жеринде гана бактылуу боло алат"деген созу аябай жакты!Мекенден алыс жургонум учун ушул созго толук кошулдум!
23.12.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой жүгүртүүңөр дурус экен
23.12.2015. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атактуу акындардын чыгармаларын окуп жаткандай болдумго чиркин! Азаматсын! Бирок бираз жогорку денгээлдеги ой жугуртуунун негизинде жазылгандай сезилет экен!
24.12.2015. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын
24.12.2015. 03:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын жердеш,ушул жашында ушундай ой жугуртсон ,келечекте Насирдин Исанов абабыздай улуу инсан болуп жетишерин шексиз!
24.12.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Талантын оркундой берсин иним
24.12.2015. 19:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жердеш азаматсын
24.12.2015. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат
25.12.2015. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын иним.маанилуу жана маныздуу жазыптырсын.. жакшы ес алып кел.
25.12.2015. 21:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат эн сонун жазыпсын,чет жерде жургондо оз туулган жеринди аябай сагынасын. Эн туура айтасын ар бир адам оз жеринде гана бактылуу болуп жашай алат.Онорун осо берсин жигиттин гулу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: