super.kg logo

Бишкек. Арча-Бешиктен террордук актка даярдалган Калашников автоматы менен 400дөн ашуун ок-дарылар табылды

 

Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунан ок-дарылары менен курал сакталган жер табылды. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, курал-жарак сакталган жер 2015-жылдын 10-декабрында жок кылынган 1981-жылы туулган А.Т. жана 1986-жылы туулган А.К. аттуу адамдарга таандык болгон. "Бул эл аралык террордук топтун мүчөлөрү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда террордук акттарды жасоону пландашкан. Жашыруун жерден Калашников автоматы (АК-74) жана анын 400дөн ашык ок-дарылары табылып, процессуалдык түрдө алынган. Азыркы маалда Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы козголгон кылмыш ишинин алкагында ыкчам тергөө иш-чараларын улантууда жана Кыргыз Республикасынын аймагында террордук уюмдун башка мүчөлөрүн аныктоодо",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(7)
22.12.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элдин коопсуздугун алдын алуу үчүн. Бизде дагы көп нерсеге тыюу салса жакшы болмок. Мисалы даватчыларга мамлекеттин уруксаты жок дават айтууга.өлкөнүн шаарын жана айылын кесип жүргөндөрдүн 80% билими жоктор. Мечиттерди каттоого алгыла.Биз бүгүн мусулманчылыкка таянып мындай нерсени жат көрүнүш дегенибиз менен. Элдин коопсуздугун да ойлойлу
22.12.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-22 12:57:25
22.12.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sake80, ХХХ ХХХ ХХХ... Мен өз оюмду жаздым. Баарыңар эле өтө далил болдуңарго. Мен билими жок даватчыларга айтып жатам. Бул тууралуу дин таануучулар да айтып өттү. Олтуруп алып өтө баатыр болгондун кереги жок. Эл коопсуздугу өтө зарыл биз үчүн
Модератор admin_portal түзөттү 2015-12-22 12:58:02
22.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdyrashit.Satylganov, Эмне дааватчылардан башкалар козунузго корунбой калдыбы?Же эмне сакал остуруп алса эле мечитеги туз жургон дааватчылардан коруш керекби?Анда кыска кийинип алып жакшы эле жургон кыздардын баарын сойку десек жарашат экенда.Адам деген акылды иштетиш керек.Аллах кааласа адамдын жанын алат каалаган кезде.Аны эч ким токтото албайт. Токтоткондо эгер адамдын колунда болгондо.Сириядагы согуш токтомок эчак эле.Ислам динин жаман корсотуп сакал остуруп же мода кылып алгандар толтура
22.12.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayida, Сиз да толук түшүнбөй калдыңыз мен мечитте намаз окуп түз жүргөндөр жөнүндө эч нерсе айтканым жок. Аллах ыраазы болсун!окуган намздары кабыл болсун! Мен айтып жаткан нерсе билими жок даватчыларды дават айткандарын токтотуп туруу керек.Азия ичинде бир гана Кыргызстанда тыюу салына элек. Бул элдин коопсуздугу үчүн өтө зарыл нерсе
22.12.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sake80, Abdyrashit.Satylganov - эскертүү!
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана. Жеке айтышууларга тыюу салынат.
22.12.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман калабызбы деги...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: