super.kg logo
  Саясат  

"Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса, өлкө транзиттик мамлекетке айланат" дейт өкмөт башчы

 

Бүгүн, 22-декабрда премьер-министр Темир Сариев: "Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолу курулса, өлкө транзиттик мамлекетке айланат",- деди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

"Кыргыз-Кытай-Өзбекстан темир жолун салып алсак, биз деңизге чыгууга мүмкүндүк алабыз. Азыркы тапта башкы маселе темир жолдун кенендиги болуп жатат. Аны план боюнча толук чечип алгандан кийин, Кытай тарап ишти тез бүтүрүүгө убада берди. Жол Ат-Башы аркылуу Достукка келип, ал жактан Жалал-Абадга, андан Өзбекстанга өтөт",- деди Сариев.

Азыркы тапта Кытай Эл Республикасынын дээрлик бардык аймактарын поезддер жогорку ылдамдыкта каттай турган темир жолдор байланыштырып турат. Мындай инфраструктураны өнүктүрүүгө Кытайдын тажрыйбасы жетиштүү жана долбоорду тез арада ишке ашырууга бардык жаңы технологиялар менен камсыз болушкан.

Ошондой эле премьер-министр темир жол өткөн аймактарда экономикалык абал жакшырып, ал жактарга логистикалык борборлор, жарандарды тейлөөгө ылайыктуу шарттар, туристтик зоналар, эс алуучу жайлар курулуп, алар жаңы технологиялар менен камсыз болорун да кошумчалады. Ушул пландардын бардыгы ШКУга мүчө мамлекеттер ортосунда түзүлгөн экономикалык долбоордо камтылган. Анда мамлекет товарларды жүгүртүүнү тездетүү, аларга салыктарды жеңилдетүү жактарын көзөмөлдөшү керек.

Эгерде долбоор көздөгөн мөөнөттө ишке ашса, жылына Кыргыз Республикасы аркылуу 15-20 миллион тоннага чейин жүк ташылат. Кыргыз өлкөсүнүн аймагында курулган 430 чакырымдан ашык темир жол аркылуу өлкө деңизге чыгып, келечекте Иранга чыгууда да мүмкүндүк ачылары күтүлүүдө. Долбоордун алгачкы этабы 2016-жылы башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: