super.kg logo
  Саясат  

Жарандык коомдун өкүлдөрү парламентте жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдарга камкордук көрүү, жергиликтүү деңгээлдеги инфратүзүмдөрдүн абалын жакшыртуу маселелерин козгошту

 

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин демилгеси менен "Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга божомолу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Жыйынга депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жарандык коомдун өкүлдөрү, адистер менен эксперттер катышты.

Парламенттик угуунун катышуучулары өкмөт өкүлдөрүнүн көңүлүн социалдык көйгөйлөргө буруп, жакыр үй-бүлөдөн чыккан балдарга камкордук көрүү, жергиликтүү деңгээлдеги инфратүзүмдөрдүн абалын жакшыртуу маселелерин козгошту. Өкмөткө жыл сайын инфляциянын деңгээлине жараша калктын социалдык жактан аз корголгон катмарынын мамлекет тарабынан кепилденген минималдуу кирешесинин өлчөмүн көтөрүп туруу сунушу берилди. Ошондой эле гранттар менен карызда республикалык бюджеттин жалпы көлөмүнүн 29 пайызын түзгөндүктөн, тышкы жардамга көз каранды болуп жатканы айтылды.

Ал эми Эсептөө палатасы бюджеттин чыгашалар бөлүмүнүн чыгымын азайтуу максатында артыкчылыкка ээ болбогон тармактардын чыгымдарын кыскартуу сунушун берди.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Аскарбек Шадиев буга чейин жарандык коом өкүлдөрү менен бирге талкууланган бюджет долбоору боюнча кабыл алынган резолюциялар аткаруу бийлиги тарабынан өз деңгээлинде аткарылбай келгенин эске салды. Ошондон улам бул жолу парламенттик угуунун жүрүшүндө айтылган ой-пикирлер менен сунуштамалар иргелип чыккандан кийин өкмөттүн кароосуна жөнөтүлө турганын билдирди. Алар өкмөттүн мындан аркы ишинде сөзсүз эске алынууга тийиш.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: