16 күн мурун Бишкекте жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзүп, качып кеткен айдоочу колго түштү
Бишкекте жөө жүрүүчүнү унаасы менен сүзгөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 7-декабрда саат 17:30 чамасында Д.Сяопин көчөсүндө орун алган. Фольксваген Гольф-3 үлгүсүндөгү жеңил автоунаанын айдоочусу жөө адамды сүзүп, качып кеткен. Жабырлануучу 37 жаштагы М.О. ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.
Бул факт боюнча ыкчам иликтөө амалдары жүргүзүлүп, жөө жүрүүчүнү сүзгөн унаанын ээси кармалды. Тергөө амалдары уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:34
2025-07-02
18:15
2025-07-02
15:08
2025-07-02

9:42
2025-07-02
14:27
2025-07-01
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.