2015-жылы өлкөнүн тышкы карызы 25 миллиард 1 миллион сомго өскөн
Ушул тапта өлкөнүн тышкы карызы 3 миллиард 330 миллион долларды түзөт. Анын ичинен 25 миллиард 1 миллион сому 2015-жылы алынганын каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин 23-декабрдагы жыйынында айтты.
Жыйында "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору 2-окууда каралууда. Алынган каражаттар энергетика, жол куруу, саламаттык сактоо тармактарына жумшалган.
2016-жылы тышкы карыздан кутулууга 100 миллион доллар бөлүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:24
2025-07-21

12:59
2025-07-19
16:36
2025-07-17
Рейтинг:
-1

