super.kg logo

Ош. Кара-Сууда үйүндө отурган жаранды белгисиз адамдар сыртка сүйлөшүүгө чакырып, аткылап салышты

 

Ош облусунун Кара-Суу районунда белгисиз адамдар жергиликтүү тургунду аткылап салышты. Бул тууралуу Ош облусу жана Ош шаары боюнча Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 22-декабрда саат 22:50 чамасында Нариман аймагынын ооруканасына азиат улутундагы 35-40 жаштардагы адамдын жансыз денеси алынып келингени боюнча маалымат милицияга түшкөн. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, 12 гильзаны тапкан. Маркумга 9 ок тийгени аныкталган. Ал Кара-Суу районундагы Кашкар-Кыштак айылынын 1978-жылкы тургуну Юнусжан Абдужалилов экени белгилүү болгон.

Тергөө амалдарынын жүрүшүндө окуянын чоо-жайы аныкталган. 22-декабрда болжол менен саат 22:30да белгисиз адам Абдужалиловго телефон чалып, сыртка чыгууну суранган. Ал үйүнөн чыкканда белгисиз адамдар ага карата ок чыгарып, унаа менен качып кетишкен.

Бул факт боюнча "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Каза болгон жаран жылытуучу мештерди жасоо менен алектенгени белгилүү болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(12)
23.12.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ким болуп иштейт экен өлгөн адам. Криминал болуп кетиптир го.
23.12.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle_2,каза болгон адам жылыткыч мештерди жасоо менен алектенгени белгилуу деп турат го ким болуп иштейт дейсинго кайра....
23.12.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Rifle_2,окубай эле додуройсунго
23.12.2015. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
13-районго бул жагы.
23.12.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Mars55,жоок 12 деп жазылып туратго суротундо
23.12.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bom.bon,13-район деген кино бар го ошону айтып жатат.....
23.12.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
адам олтуруу кунумдук эле корунуш болуп калды
23.12.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Меш жасаган адамды мынчалык аткылабайт.Башка иш бар бул жерде.
23.12.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Доля
23.12.2015. 21:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мештин моорусун кыйшак коюп койсо керек да клиенттин. . .
23.12.2015. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Aidar.001,мештин морун кыйшык коюп койсо керек клиенттин деп кыргызча жазылат "морусун кыйшак деген создор кыргызда жок
25.12.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikyn93,рахмат мындан ары билип
журойун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: