Кыргыз жергесиндеги “Каракол” тоо-лыжа базасы орусиялык лыжа тебүүчүлөр үчүн мыкты кышкы курорттордун бири деп табылды

“Каракол” тоо-лыжа базасы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекеттериндеги мыкты делген 5 кышкы курорттун катарын толуктады. Бул рейтингди travel.ru туристтик кызматы жана Forbes.ru журналы биргеликте аныктаган.
Бул тизмени түзүүдө курортто эс алууга кетүүчү акча каражаттын көлөмү, лыжа тебүүчү трассалардын узундугу, тоолордун чокуларына жеткирүүчү асма жолдордун бар болушу эске алынган. Рейтингге жалпысынан 10 кышкы база кирип, “Каракол” 5-орунду ээледи. Бул тизме төмөнкүдөй:
- Белокуриха (Алтай крайы)
- Логойск (Беларусь)
- Завьялиха (Челябинск облусу)
- Красная Сопка (Камчатка)
- Каракол (Кыргыз Республикасы)
- Чимган (Өзбекстан)
- Шахдаг (Азербайжан)
- Буковель (Украина)
- Бакуриани (Грузия)
- Чимбулак (Казакстан)
"Советтер Cоюзу учурунда Тянь-Шань тоо кыркаларынын боорунда, деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте жайгашкан "Каракол" базасында өлкөнүн олимпиадалык курамасы машыккан. "Каракол" тоо базасында лыжа тебүүчүлөр үчүн узундугу 20 чакырымга барабар трасса жасалган",- деп жазышат рейтинг түзүүчүлөр.




1 |