super.kg logo

Талас. Кызматкер милицияда иштеш үчүн жасалма диплом колдонгон. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду

 

Талас облусунун Ички иштер башкармалыгынын 5-бөлүмүнүн кызматкери, милициянын ага лейтенанты жогорку билими жөнүндө жасалма диплом колдонгону аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2011-жылы милициянын ага лейтенанты М.А. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында кызмат өтөш үчүн 2010-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык факультетин бүтүргөндүгү жөнүндө жасалма диплом колдонгон, бирок ал ЖОЖдо окуган эмес.

Бул факт боюнча Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Талас облусунун прокуратурасы “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренесине ылайык кылмыш ишин козгоду.

Азыркы маалда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.12.2015. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жасалма дипломго катуу чара көрсө, далай аткаминерлер, депутаттар баш болуп куйругун түйөөр эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: