Дзюдо федерациясы “Рио-де-Жанейро-2016” Олимпиадасына 5 жолдомо алууну көздөөдө

Улуттук дзюдо федерациясы 2016-жылы Рио-де-Жанейро шаарында өтө турган Жайкы Олимпиада оюндарына 5 жолдомо алууну көздөп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-декабрда жыл жыйынтыгын чыгарууга багытталган жыйында федерация президенти Ырысбек Мааткабылов билдирди.
Анын айтымында, федерациянын Отар Бестаев, Владимир Золоев, Чыңгыз Мамедов, Юрий Краковецкий жана Нагира Сарбашова сыяктуу спортчулардан үмүтү чоң.
Кошумчалай кетсек, “Лондон-2012” Олимпиадасына дзюдочулардан мамлекетибиздин желеги астында Юрий Краковецкий (100 килограммдан жогорку салмакта) менен Чыңгыз Мамедов (90 килограмм салмакта) катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.