super.kg logo

Удмуртияда 55 жаштагы аял ири суммадагы акча салынган пирожокторду көрүстөнгө көмүп, алданып калды

 

Удмуртиянын Ижевск шаарында 55 жаштагы аял 170 миң рубль салынган пирожокторду көрүстөнгө алып барып көмгөн. Аны ушуга көндүрүп алдап кеткен деп 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар бүгүн, 23-декарбда жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аталган шаардын жашоочусу гезиттердин биринен “экстрасенс” берген жарнаманы окуп, аны менен байланышкан. Ал аял менен жабырлануучу 13 пирожок жасашкан. Алардын ар биринин ичине 13 миң рублдан салып, көрүстөнгө көмүшкөн. “Көзү ачык” “бир нече күндөн кийин жакшы жыйынтык чыгат” дегени менен, эч нерсе өзгөрбөгөндө жабырлануучу алданып калганын түшүнүп, укук коргоо органдарына кайрылган.

Учурда бул окуя боюнча кылмыш иши козголду. Полициянын маалыматына ылайык, Москвада бир эле күндө өзүн көзү ачык катары тааныштырып, элди алдап жүргөн 7 адам кармалган. Алар телефон аркылуу сеанс өткөрүп, кардарлардан акча талап кылышчу. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 7 миллион рублдан ашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.12.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Уурулардын бир туру экенда
23.12.2015. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мээси жок аял экен да ошого окшогон бакшыга баргандардын баарынын мээси жок дагы твдан аалам сырлары деп чыгарып алганычы тоок мээлер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: