Орусиялык телеканал ырчы Кайрат Примбердиев катышкан "Главная сцена" сынагынын финалын көрсөттү
Бүгүн, 2-январда "Россия 1" телеканалы "Главная сцена" сынагынын финалын көрсөттү. Финалга катышкан ырчыбыз Кайрат Примбердиев "Скажите, девушки, подружке вашей" аталышындагы белгилүү композицияны аткарган.
Эскерте кетсек, аталган сынактын финалы 21-декабрда Кремль Сарайында өткөн. Калыстар тобу орусиялык ырчы Арсений Бородинди жеңүүчү деп табышкан.
23-декабрда Кайрат Примбердиев Москвадан Бишкекке кайтып келген. "Манас" Эл аралык аэропортунан аны достору, жакындары, эстрада ырчылары Курал Чокоев, Жийдеш Идирисова жана башкалар шаң менен тосуп алышкан.
"Сынак аяктаганча, үч ай Москвада жүрдүм. Бул убакыт аралыгында интернеттен кыргыз элимдин мен үчүн күйгөнүн сезип жаттым. Мекендештерим социалдык тармактардан байма-бай мени колдоп, жылуу сөздөрдү жазып жатышты. Мунун баары мага күч-кубат, дем берип турду. Ошол үчүн элиме чоң ыраазычылыгымды билдирем. Артымда ушундай кыргыз элим тургандан кийин мындан дагы бийик-бийик жетишкендиктерди багынтып, Кудай буюрса, дүйнөлүк деңгээлге чыгабыз",- деди кубанычы менен бөлүшкөн Примбердиев.
Андан соң ырчы SUPER.KG порталына берген эксклюзивдүү маегинде финалдын кандай өткөнүнө токтолгон.
"Финалга жалпысынан 18 ырчы өтүп, Кремль Сарайындагы чоң концертке катышты. Концерттин жүрүшүндө 6 финалчы суперфиналга өттү. Суперфиналчылардын арасында мен да болдум. Тилекке каршы, жеңүүчү боло албай калдым. 1-орунду орусиялык ырчы Арсений Бородин ээледи. Калыстар тобу жеңүүчүнү кантип аныктаганын бир Кудай билет... Суперфиналга чыкканымдын өзү жетишкендик. Кыргыз ырчыларынын бири да буга чейин Орусиядагы Кремлде ырдаган эмес экен",- деген Кайрат мырза.
Кайрат Примбердиев менен болгон кызыктуу маекти "Супер-Инфо" гезитинин 686-санынан окуп, SUPER.KG порталынын "Супер-ТВ" бөлүмүнөн видеоверсиясын көрө аласыздар.
кошулду
“Кремль Сарайында ырдаган биринчи кыргыз ырчысы болдум” дейт Кайрат Примбердиев
Кайрат Примбердиев - Скажите, девушки, подружке вашей. Главная сцена. Финал

Sisdi abdan koldodum sis ychyn bis bawka mamleketde jyrsok da sis m.n kowo tolkundanyp, sis ychyn abdan syimyktandyk.
Ynynysgo bereke!
Osynysdor aitkandai chyny kosybys achyldy talantynysga baa berdik.
Jubaiynys menen uwunchalyk yntymaktuu ekensiner sosynor bir eken jakwylyk yi byloodon bawtalat.
deit. Buga sebep sisdin baktyluuluk yi bylonys sisdi koldop jyrgon kelincheginisge taalim.
Талантын дагыда ташкындай берсин, биз сени мн сыймыктанабыз.
Orustardyn dagy oozun achyrchy bir.