Жалал-Абад. Ноокенде эки бала бакча ачылды
Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Жеңиш айылында №32-орто мектептин базасында бала бакча ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен 23-декабрда билдиришти.
Бала бакчанын ачылышына өкмөттүн облустагы өкүлү Жумагүл Эгембердиева, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүү жана айыл тургундары катышышты.
Жогоруда аталган мектеп 1993-жылы курулган. 360 бала билим алып келген мектептин бир бөлүгү баштапкы багыт боюнча пайдаланылбай келген. Мектептин ошол бөлүгүндө 900 миң сомго оңдоп-түзөө иштери жүрүп, ал жерге бала бакча ачылды.
Мындан сырткары Кокондук айылындагы орто мектептин базасында да бала бакча ачылды. Имаратты оңдоого жергиликтүү бюджеттен 550 миң сом сарпталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Aisuluu160790

24.12.2015. 09:22
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга менин Ноокеним
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.