Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жашында дүйнө салды



23-декабрда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, Кыргыз Эл артисти Сейитказы Андабеков 90 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Сейитказы Андабеков 1925-жылы 18-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Коюн айылында туулган. 17 жашында Ташкентке аскердик билим алуу үчүн барып, андан ары согушка кеткен. 1944-жылы "Баатырдык үчүн" медалы менен сыйланган. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Нарындагы драма театрда иштей баштаган. 1948-жылы КРнын Эл артисти Койсун Карасартовага үйлөнгөн. Ал "Жеңиш үчүн" медалы менен сыйланып, 1984-жылы Кыргыз ССРинин Эл артисти наамына татыктуу болгон. Мындан сырткары "В.И.Ленинге 100 жыл" медалын, Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын, Данакер жана Манас ордендерин алган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:50
2025-06-27
17:20
2025-06-27
Рейтинг:
0

Буга чейин дайыма көңүл бөлүп, көптөгөн маалыматтарды жазып келгенбиз жана дагы да уланта бермекчибиз. Төмөндөгү шилтеме менен өтүп, Маданият, Турмуш рубрикаларына баш багып көрүңүз: http://www.super.kg/article/