Лондондук "Челсинин" футболчуларын сезондун аягына чейин голландиялык Гус Хиддинк машыктырат

Футбол боюнча Англия Премьер-Лигасынын учурдагы чемпиону "Челси" голландиялык машыктыруучу Гус Хиддинк менен сезондун аягына чейин келишим түздү. Бул тууралуу аталган клубдун расмий сайты кабарлайт.
Маалыматка ылайык, машыктыруучу клубга кайрадан кайтып келгени үчүн кубанычта экенин билдирет. Ал буга чейин 2009-жылы февраль айында "Челсини" машыктырып, сезондун акырында Англия Кубогун утуп алган.
Кошумчалай кетсек, "Челси" 17-декабрда португалиялык машыктыруучу Жозе Моуринью менен келишимди бузган. Буга клубдун быйылкы сезондо 16-турдан кийин 16-орунду ээлеп келатканы себеп болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
shailoo2015

24.12.2015. 10:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
недейт элек ийгилик
Urmat-1989

24.12.2015. 15:33
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанылыктарды эртерек жазсанар жакшы болмок бул мурунку эле жанылык го
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.