super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев чоң маалымат жыйынында: "Түркия Орусиянын учагын атып түшүрүү менен акыркы 25 жылдык куруп келген мамилесине доо кетирди"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрда журналисттерге чоң маалымат жыйын өткөрүп жатат. Анда президент кезектеги берилген соболго жооп берип жатып: "Орусиялык учакты атып түшүрүү туура болгон жок. Түркиянын аймагына 17 секундага кирсе да, 25 жыл бою курулуп келген мамилеге доо кетти. Чоң катачылык. Түркиянын президенти өкүнүп жатат деп ойлойм. Владимир Путин менен да бул маселе боюнча сүйлөштүм. Орусия Түркиядан эмнени күтүп жатканын айтты. Түркия тарап дагы бир жолу ойлонуп чыгып, катачылыгын моюнуна алышы керек деп ойлойм",- деди.

Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.






Атамбаев Түркиянын орусиялык учакты атканы туура эмес экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: