super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев: "Орусия гидроэнергетика боюнча чоң долбоорлорду азыркы каатчылыкка байланыштуу ишке ашыра албай калышы ыктымал"

 

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрь күнү салтка айланган чоң маалымат жыйынын берип жатат. Анда президент: "2016-жылы парламент "Кумтөр" маселесин саясатташтырбай чечет деп турам. Бул башка кендердин иштей башташына чоң импульс бермек. Инфраструктуралык долбоорлор уланат. Кээ бир долбоорлор ийгиликсиз аяктап калышы ыктымал. Гидроэнергетикалык тармактагы чоң долбоорлор боюнча Орусия менен үч келишимге кол койгонбуз. Биринчиси - "Газпром". Муну азыр да ийгиликтүү келишим деп эсептейм. Эки долбоор ГЭС жана каскад курууга тиешелүү болчу, ошондой эле бир канча сүйлөшүүлөр орун алган. Азыркы кырдаалда Орусиянын экономикасы көтөрүлбөй, нефтинин баасы ылдыйлап жатат. Бул макулдашуулар объективдүү себептерден улам Орусия тараптан аткарылбай калышы мүмкүн. Андыктан Кыргыз Республикасы бул макулдашуулардан чыгып, долбоорлорго башка инвесторлорду издөөгө туура келет. Кардиналдуу чечим кабыл алуу керек болуп турат. Орусиялык достор азыркы шартта жогорудагы эки долбоорду ишке ашыра албайт деп жатам. Мында эч кандай саясат жок. Бизге жардам бере алышпайт. Биз башка инвесторлорду табабыз",- деди.

Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.






Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: