super.kg logo
  Саясат  

Мамлекет башчы: "Мен пландарымды дароо айтуудан карманам, анткени айтылбай турган сөз ачыкка чыгып кетет экен"

 

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-декабрь күнү жыл сайын өтүүчү маалымат жыйынын берип жатат. Анда ал кезектеги соболдордун бирине жооп берип жатып: "Кумтөр" иши башынан туура эмес башталган. Ар бир процессти коомчулукка ачык түшүндүрүш керек. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" деген кеп бар го, бул маселе боюнча да адистер сүйлөсө. Азыр көрүнгөнү чыгып сүйлөп жатат. Айтарым, артык кылам деп тыртык кылып албайлы.
Мен бүгүн кандай жолду ойлоп турганымды дароо айтпайм. Бир жолу парламенттеги фракциялардын лидерлери менен жолугушууда "Менде жакшы ойлор бар. Ушул багытта мыйзамдарды жазып иштесек жакшы болмок, бирок бул сөз ортобузда калсын" деп айттым. Бирок андай болгон жок, көп өтпөй ошол депутаттардын бири парламенттен мен айткан сөздөрдү кыйкырып айтып чыкты",-
деди.

Эске салсак, президент жыл сайын жыл жыйынтыгын чыгаруу максатында журналисттерге чоң маалымат жыйынын берип келет. Бул жолкусу төртүнчүсү.






Алмазбек Атамбаевдин маалымат жыйыны (Толугу менен)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: